Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм.
Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.
Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.
Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү.
Отправить комментарий