Менин турмушка чыкканыма 1 эле ай болду. козумду май басып калганбы, эми эсиме келип отурам...
Саламатсызбы? Чыгарып бере аласызбы?
Менин турмушка чыкканыма 1 эле ай болду. Убагында уйумдогулор тийбей эле кой, кыйналасын десе болбой тийгем. Озум уйдун кичуу кызымын. Куйоом менен 3 жыл суйлошуп уйлондук. Билбейм козумду май басып калганбы, эми эсиме келип отурам. Куйоом иштебейт, уйдо отурат. Озум уйдон оокат кылган эмесмин, тамак кылганды билчу эмесмин, бул жакка келип билбейм дегенден уялып баарын кылам, камыр жууруйм, тамак турун интернеттен карап жасап берем. Бирок бугун кайненем жумуштан келээр маалда уктап калыптырмын. Мени шал болуп калдынбы, тарбия коргон кызсынбы деп катуу урушту. Бизди сыйлабайсын, ата энене салып берем, балама бизди сыйлаган аял алып берем деп. Ситуацияны тушундуруп айтсам болбой, тажаалданып катуу урушту, озумдун апама чалып мени уктап эле жатат деп жамандаптыр. Апам болсо айтсак болбой тийдин эми жаша деп жатат. Не кылышты билбей жатам😔


Отправить комментарий