кайынсиндим

Аялыма «ЖАНЫМ, СЕНИ САГЫНДЫМ» деп жазган ким экенин билип ...



 Аялыма «ЖАНЫМ, СЕНИ САГЫНДЫМ» деп жазган ким экенин билип шок болдум.


Ээ достор!Балээнин баары башта деген чын экен. Биринчи ойду оңдош керек тура. Кыскасы силерге бир күлкүлүү, ошол эле убакта сабак болгон окуямды айтып берейин.
Досум кызынын тушоо тоюна чакырды. Келинчегим экөөбүз балдарды атама таштап, эки сааттай урушуп жатып кийинип, акыры жөнөдүк. 5 те башталчу той 8 де араң башталды. Күтүп отуруп чарчадык. Бийлеп жыргайбыз деп келатканбыз, көңүлдүн баары өлдү. Өзгөчө меники, дароо маанайым түшүп калат.
Келинчегим улам чыгып бийлеп жаткан. Мен столдо болгон нерселердин баарын даамдап отургам. Жанымда досумдун аялынын курбулары отурган. Аларга деле маани берген эмесмин. Бир маалда келинчегим келип телефонун таштап, дагы бийлегени кетти.
Бир досум келип учурашып калды. Аны менен сүйлөшүп отурсам, аялымдын телефонуна ватсаптан кат келди... Эми паролун деле билбейм, жанагы экранынан чыгып жатты.
«Жаным, сени сагындым. Качан бүтөт ал тоюң?» Шок болуп туруп калдым. Көп өтпөй экинчи кат келди. «Жакшы бийлеп жатасыңбы?» Алаканым тердеп, кызарып чыктым. Ачууланган деле жокмун. Дагы эле шок абалындамын.
«Үйдөгүлөрүңө качан айтасың?»
«Мен сени сүйөм, экөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз!»
«Мен сени бактылуу кылам!»
«Жооп берчи, кайдасың?» ж.б.
Телефонду карап отура бердим. Ажырашам! Дароо ушинтип ойлодум. Тиги жакта бийлеп жатканы аялымды ушундай карадым. Балдарыбызды ойлобойбу? Кантип ушул жолго барды? Ээ достор, эмне деген гана ойлорду ойлободум.
Бир маалда бир кыз чуркап келип, алдымдагы телефонду алды.
- Бул менин телефонум байке, унутуп кетипмин.
- Жок ай, ал келинчегимдики.
- Тигине сиздики турат.
Жанымда турган стулдун үстүндө экен. Көрсө аялым экөөнүн телефону окшош турбайбы. Келинчегим келип калды. Ушундай уялдым. Анын бетин карай албай кыйналдым. Жаман ойлорумдан уялдым. Анан жай музыка башталды. Келинчегимди бийге тарттым. Бийлеп жатып, кулагына жөн гана кечирип койчу дедим. Ал түшүнгөн деле жок, бирок мага ал маанилүү эмес эле.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?