кайнаага

Кыштын сууктарында аңдып жүрүп зорго жеткен мага өзү. еми семирип кеттин деп...



 Эжее саламатсызбы? Чыгарып бересизби сураныч. 

Айымдар менен сырдашып, ичимдеги муңумду бөлүшкүм келди. Мен азыркы учурда кош бойлуумун, ай-күнүм жетип турган кез. Биринчи балабыз, 4 жыл күттүк. Айтайын дегеним күйөөм. Такыр көңүл бурбайт. Анысы аз келгенсип семирип, хунигиң чыгып кетти, бетиңе дак түшүптүр го, кетеби же кетпей калабы? Эртең төрөсөң тигил жагың кеңейип галоштой болуп кетпейби деп тамаша аралаштырып күндө айтат. Унчукпай чыдап жүрүп-жүрүп бүгүн ичимдегинин баарын айтып салдым. Мен го боюмда бар семирдим, сенчи? Боюңда жок эле чочкодойсуң го, өзүңдү укмуш жакшынакай приятный адам сезип алыпсың да, сенин балаңды төрөп берем деп ушундай өзүмдү жертва кылып атам дедим. Бала значит сага керек эмес а, ошондо балага сенин тиешең жок, только мага эле тийиштүүбү деп кайра майдаланат. Негизи эле майда адам оңолобу? Буга чейин кол да көтөрдү, ортодо таарынып кетип калдым, кечирим сураганынан кайра жарашкам, кайын журт дагы кирише берет тажатып, эч нерсе алып бербейт, Сурап сурап калып кетем.. өзүмдүн апамдар алып берет кийим кеченин баарын. Абьюзерный отношениядан тажадым. Сүйлөшүп-сүйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Двордун астына келип таң аткыча кетпей кыштын сууктарында аңдып жүрүп зорго жеткен мага өзү. Ошол күндөрүн баарын айттым. Зорго жеткен элең го деп. Кадимкидей жаман болуп атам. Ажырашкым келип. Өзүм атасыз өскөм, төрөсөм балам да атасыз өспөсүн деп чыдайын десем ушунчалык кыйналып кеттим. Кантип өч алсам болот? Кандай кылсам болот? Не кылсам болот?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?