Саламатсызбы? Аноним болсун.
Мен азыркы учурда студентмин,Бишкекте жашайм. Чуйлукмун. Жигитим бар, Оштон болот. 3 жеси бар, өзү үйдүн жалгыз уулу. Ата-энеси менен кечки тамактанууда отурганда, үйлөнүү темасы козголгон экен. Сүйлөшкөн кызым бар, Чүйдөн болот, азыркы учурда окуйт, аябай жакшы кыз, сиздерге жагат деген ойдомун деген экен. Бирок, ата-энеси каршы чыгыптыр, Бишкекте жашаган кыздар орус-чалыш, орой бир башкача кыздар болот. Сен үйдө жалгыз бала болгон соң өзүбүз жактан эле кыз карайлы дешиптир. Мен жигитимден жанын койбой сурадым эле, сага эмне болду, башканы жактырып калдынбы, ачык айт, мен кыйналып кеттим деп. Акыры айтты, үйдөгүлөр каршы болуп жатат деп. Мен ага көнүп калыптырмын, аябай жакшы көрөм. Мен эми ансыз кантем, эмне кылам, менин да үйдө ата-энем, бир туугандарым билет болчу. Ал деле мен үчүн ата-энесине каршы чыга албайт да, же убакыт өтүшү менен көнүп калышы мүмкүнбү, айтор билбейм…. Кандай кеңешиңиздерди бере аласыздар? Балким, бул дагы сыноо чыгаар.


Суйсон курош оз бактына кенешим
ОтветитьУдалить