Саламатсызбы чыгарып бере аласызбы?
Баардыгыныздарга Аллахтын тынчтыгы болсун. Азыр бир башкача абалда жазып жатам. Биздин айылда бир келин жашачу эле жакшы эле кайнене кайната, куйоо, бала-чакасы менен. Азыр башына ото катуу сыноо келип айла таппай турган абалда экен. Себеби куйоосу менен жакшы жашап атып эле куйоосуно (жин тийгенби билбейм ошентип болжолдошот экен) кунуго сабап баштаптыр. Байкуш келиндин козунон кан атканча сабап ортого тушкон адамды кошо сабап, деле адамдан башкача кучко ээ боло калат экен. Угушумча ургаачы жин тийгенби, кундузу жакшы эле адам тун киргенде эле коздору кызарып аялын сабап баштайт экен. Баланын бир туугандары, ата энеси алып барбаган молдо калбыптыр. Молдону кошо сабап. Акыры тим коюшкан экен. Мурда сабап баштаганда кайнатасы ажыратып калчу экен байлап атып а азыр ал отуп кетип, кайненеси айла жок боодо олуп каласын деп официально ажыраштырыптыр. Торкуно кетсе торкунуно да барып алып тынчтык бербейт экен олтуруп кетем деп.
Уландысы:Кыскасы азыр торкунундо экен ажырашкан бойдон абалы ото оор дейт. Келин озу 10 бир тууган экен, бир уйдо 18 адам жашап атышыптыр (келиндин 5 баласы мн). Же айылда эч кимиси иштешпейт экен. Продуктыдан аябай кыйналып атышыптыр.Боюнда да бар экен байкуштун иштейин десе. Пенсияны кутуп жашап атышыптыр ата энесинин. Кандай кылып жардам кылсак болот аябай жаным ачышты келинге. Балдары да кичинекей экен. Мен озум да жардам кылайын деп жатам эгер албетте каалоочулар болсо барып берип келсек продукты, кийим кече топтоп алып. Мындай оор тагдырлар да болот экен.


Отправить комментарий