кайнаага

Күйөм Россияда. Бир күн өтсө да күнү түнү көз жашымды токтото албай кайнатам мн...



 Менин торт балам бар. Жашаганыбызга 14жыл болду.

 Ушу 14 жыл ичинде корбогон азабым калбады. Кайната кайнене кайнсинди баарынан жамандык коруп кордолуп келем даже урган кундорду болду. Мен оор басырыктуу Жогорку билимдуу инсанмын. Бирок Кантип ушундай кыйынчылыкка чыдап журом балдарым жетим болбосун деп. Кече эле болгон окуя кичине балам ооруп калды жакшы болуп кетээр деп уйдо 2 Кун карадым жакшы болбогондуктан больницага жаттык. Больницага келе жатып кайнатам мага асылганга шылтоо таппай жаткан экен жөндөн жөн эле сөгүп адам көтөрө алгыс сөздөрдү айттып иттен алып итке салды. Күйөм Россияда. Бир күн өтсө да күнү түнү көз жашымды токтото албайтам.Мындан башка дагы айтып болбос адам кылбаган кылыктары бар.

Эми эмне кылам. Ата энеме төрт балам менен кетип кала албайм. Башка бул кордуктарга чыдап кайната менен бир үйдө жашай албайм. Жалгыз келинмин. Мага көрсөткөн азаптары үчүн бир ай болсода камакта жатып жооп берсе экен. Кайната ушунчалык пейили начар киши бир кудай эле тең келбесе эч ким тең келе албайт.
Ушундайлардын айынан көп үй бүлө бузулуп көп балдар жетим болуп жатат. Менда өзүмдү көп жолу олтуруп алгым келе берет. Жашоо ушул болсо жашабай эле койойун деп.
Бирок төрт балама керекмин.
Сиздерден кенеш кутөм.
Көп келиндер баарын ичине салып жүрүп акыры орукча болуп калат.
Эми больницадан чыксам каякка барам деп ойлонуп жатам. Мындан башка дагы айтып болбос кылыктарын жазып милиция га заявление таштасам камакка алышабы? Же кайра эле өзүм шерменде болуп үй-бүлө бузулуп дагы көрдүк көрүп жүрө беремби.Мага окшоп жөндөн жөн эле кайн журтунан жаман сөздөрдү угуп азап чеккендердин укугу корголобу?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?