Саламатсызбы менин постумду аноним чыгарып коёсузбу.
Менин бир эч кимге айтпаган сырым бар апам ойнош ойнойт. Атам мен инилериме билгизбейт. Бирок мен билем сезем ватсабынан бир эки жолу окуганмын. Мектепте окуп жүргөндө атамдын иниси менен жатканын өз көзүм менен көргөнмүн. Бизди кичине деп ойлойт болчу да биз уктаганыбызда үйгө ар кандай эркектер келчү түндөсү подружкаларым келди жатып тургула деп кетчү чоң үйгө. Мен баарын билчүмүн жиним келчу. Азыр турмушка чыкканмын бирок кээде үйгө барып калганда ватсаптан дагы эле ар ким чала берет. Менин жанымда албайт. Билишимче бир эки падружкалары бар күйөөлөрү жок бүт чөйрөсү күйөөлөрү жок аялдар кантип айтам? Ушундай сыгылып кеттим кандай кылсам кенеш бергилечи эжелер эмне кылсам? Эч кимге айтпай жүрө берейин десем жиним келип ойлоно берем. Атам бар го деп айтайын десем эмне деп айтам. Акыл үйрөткөндөй болуп апам атамды сыйлабайт теңме тең урушат акчаларын да апам иштетет. Апам акылдуу эле аял бирок ушул кылыктары ойлонтот мени атам көбүнчө иштеп ар жактарга кетет. Кышында үйдө болот ошондо да жаз келээри менен барып иштебейсинби деп уруш кылып атып жөнөтүп жиберет да дагы эле баягы ойноштору менен эч кимге билгизбей жүрө берет. Мен эң улуу кызмын инилерим чет жакта иштеп жүрүшөт.


Отправить комментарий