женешка

Ал түнү ич кийимчен эле жаттык. Колуңуз менен артымдан толук бойдон сылап чыкты...



 Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. 

Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.

Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.
Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.
Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү.
Күндөрдүн биринде шеф Кыргызстандын үлкөн саясатчыларынын бири Тынайбек Абдыбековичтен интервью ал деп калды. Чынын айтсам ал кишинин бир көз карашы эле жерге киргизип коет, ошончолук сүрдүү киши. Макул деп коюп, ал кишиге суроо берип жатканда жанагындай көз карашы менен карап салса аптыгып келмемди таппай калбасам экен, – деп коем. Кудай жалгап бир журналисттен анын телефон номерин сурасам жардамчысынын номерин берди. Жардамчысына телефон чалып Тынайбек мырзадан интервью алайын дедим эле десем, – Ал киши интернет менен эле байланышат, ушул дарекке суроолорду жөнөт, – деп калды. Суроолорумду жөнөтүп, коюп 2 күн күттүм.
Тынайбек мырза мага 3 күндө жооп берип, интервьюсу гезитке чыкты. Андан кийинки 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык санды чыгарып редакцияда отурганбыз. Түнкү саат ондон өтүп калса керек эле. Агентте ар ким менен жазышып отурсам, Тынайбек Абдыбековичтин агенти да күйүп калды:
– Саламатсызбы Тынайбек Абдыбекович! Өткөндөгү интервью чыккан эле, жардамчынызга айткан болчумун. Окудуңузбу?
– Окудум, рахмат, майрамга карата жолугабыз да? ..
– Кудай буюрса. Эс албай иштеп отурасызбы дагы деле?
– Ооба, эртеңки мероприятиялар боюнча отурам. Келе жаткан майрамың менен!
– Рахмат! Сизди да куттуктайм! Майрамдык маанайыңыз жакшыбы?
– Жакшы эле, бирок түйшүк көп болуп жатат.
– Менден эмне жардам керек? Айтыңыз, жардам берейин?
– Тавай, только не знаю как? ..
– Мээңиз абдан чарчаса керек, анекдот айтып берейин?
– Анекдот болот, угам ат души эле...
– Сиз точно Тынайбек байкесизби же ал байке кеткенде компун мине калдыңызбы?
– Самневайся болуп жатасыңбы? Как доказать? ..
– Конечно сомневаюсь, приколдор менен сүйлөп атсаңыз таптакыр эле таң калып атам да.
– Аа десең, эми эмне кылайын деги, кантип далилдейм билбейм да.
– Мага телефон чалыңыз, үнүңүздү угам анан ишенем!
– Чуть позже, азыр над текстом сижу, надо успеть просмотреть, макулбу, кайсы телефонго?

– 0777423ххх

– 0777423ххх
– Жакшы, чалам... А ты почему так поздно, же эртең гезит чыгабы?
– Азыр чыгып атат.
– Канчага чейин чалсам болот, үйдөн таяк жеп жүрбө (тамаша) ?
– Чала бериңиз каалаган убакта. Просто мен ишенгим келип атат аябай, эркелеген кыз экен деп капа болбоңуз.
– Макул, бошоп калганда чалам. А атың эмнеге Жазика? Ким койду эле?
– Чоң энем да, тамашалап коюп салыптыр.
– Жакшы эле, бирок өзүңө кандай жарашат билбейм...
– Ошо да, өзүм узунмун, анан атым Жазика. Мага деле жакпайт. Эмне кылам анан баарыле Жазика деп атышса. Сиз менин атымды толугун окуган эмес белениз интервьюнуздун астынан?
– Окугам, кыргызча жакшы эле ат. Боюң узун болгондо канча метр?
– 170 см така менен175ке барам го.
– Оуу, жаныңа бассак кыбырап эле калат турбайлыбы...

– Ой господи!

– Ой господи! 150смдай болбоңузчу. Боюмун айынан өзүмдү и так деле жаман сезе берем.
– Мен 175 болом го, по крайней мере жаш кезде ошондой болучу. Жазира жакшы ат, Жөжөшка деп эркелетсе да болот берет да?
– Сиз ошентип эркелетиңиз.
– Уруксаат болсо мейли, Жөжөшка. Жөжөшка дейин анда?
– Уруксаат берем, албетте.
– Текстиңизди оңдоп бүттүңүзбү же мен шайтанкадай болуп алаксытып атамбы сизди?
– Жарыш иштеп жатам, компто, анекдотту унутуп калдыңбы, же анан телефондон айтып бересиңби?
– Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит: – Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радио түйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? – Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем? – Мисалы, менин аялым ак жумал, бою узун, сулуу болчу. – А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим коюп, андан көрө сеникин издейличи, – дептир абышка.
– Абышкага не жок, бирдеме артат деп үмүт кылып жатат го байкуш...
– Эт жебесе да шорпо ичкиси келди да.

– Тынай байке, чарчабай иштеңиз, мен үйгө кеттим.
– Жок, почтаны карап, жазгандарга жооп берейин деп отургам, өзүң иштеп жатасыңбы?
– Иштеп бүттүм, эми мен да почтамды текшерейин деп аткам.
– У меня дурная привычка всем отвечать, многие знакомые просто по почте пишут и получают ответ, такое вот виртуальное общение...
– Мен эле тентектик кылып агентиңизге жазат турбаймынбы анда ээ?
– Я рад, честно сказать ты понравилась, жаш болсом наверно влюбился бы (тамаша) , Думаю что у тебя характер хороший... Журналистика жагабы? Почему не стала тележурналисткой, а пошла в газету?
– Негизи журналист болом деп тапшырган эмесмин. Бир подругам ыр жазчу, журналистикага абдан кызыгаар эле. Анан айылдан жаңы келдик. шаарды билбейбиз, бул жакта университеттерди кыдырып жүрүп бир Жусуп Баласагынга келдик. Анан ал жакта Журналистика бар экен. Асел сен да мени менен тапшырчы деп болбой туруп алды. Мен көп деле көңүлдөнгөн жокмун. Болбой атып мени да тапшыртып салды. 3 экзамен болду үчөөнөн өттүм, курбум болсо өтпөй калды.

– Мне так кажется, что я начал ухаживать за тобой... Тебе не кажется?
– А мен унутуп да калдым. Как ухаживают джигиты? Ну если вы так считаете то по вашему да.
– С удовольствием буду ухаживать... Только мен деле унутуп калдым да кантип кылыш керек экенин...
– Но вы же пишете об этом что за мной уже начали ухаживать.
– Да, пишу же "кажется" деп... Эстей баштадым да, валнавайс болуп, муундарым титиреп дегендей... Ишенбейсиңби... Ошондой болуп жатпайымбы...
– Кантип ишенем?
– Ты не против Жөжөшка? Ат душа эле аракет кылайын да...
– Өзүңүз терең ойлонуп, кабыргаларыңыз менен кеңешип көрүңүз...
Агент менен отуруп ар нерсени жазышып отуруп үйгө түнкү он экиде келдим. Уктап калыптырмын, турсам түнкү саат бирде Тынайдан "Бүгүн кеч болуп калды, эртең сүйлөшөлү", – деген СМС келиптир. Андан ары уйкуга кеттим.
Эртең менен жумушка келип компьютеримди күйгүзүп, ошол замат агентти ачтым. Тынайдан билдирүү келиптир:

– Кабыргаларым менен кеңештим уже, тавай дейт кабыргалар, полный вперед дешти... Азыр жумушта эмне менен алек болуп отурасың?
– Иштеп жатам, жумуштагы бир байке өлө жинге тийип жүрөт. Азыр да маанайымды түшүрүп кетти.
– Бир нерсе каалап аткандайбы не?
– Билбейм.
– Бардык эркектер ошондойбуз, ага таарынбай деле койсоң болот. Татынакай бийкечти көргөндө баарын унутуп калмайыбыз бар да, гормондор ойноп.
– Баса, сиз менин түшүмө кирдиңиз.
– Эне кылып жүрүптүрмүн, деги уят кылган жокмунбу?
– Жок, сиз андай адам эмессиз да. Болгону кагаздарды көтөрүп жүрүптүрсүз. Мен жакты бир карадыңыз, көздөрүбүз чагылышып кеткенде сиз көзүңүздү менден ала качып кетип калдыңыз.
– Иий, анда өзүм уят болгон турбаймынбы. Ошондой да болчу беле? Жок дегенде түштө колуңан кармасам болот экен...

– Ал деген түш да болгону.
– Жөжөшка-а-а-а, сени кантип чакырыш керек свиданиеге, кандай ишараттарды кылуу керек? Кандайы жагат, кандайы жакпайт? Бул жакта жигиттер сурап жатышат жанды койбой.
– Шарттарды айтайынбы? Экөөбүздүн жазышканыбызды карап отурушабы ал "жигиттер"? Кызык.
– Ошентсең, мен да тигилердин өпкөсүн басайын да... Алыңар жетпейт экен деп, шарттарды көрсөтүп...
– Жардамчыңызбы?
– Баары эле... Толтура, билип алышыптыр, тааныштырып койбойсузбу, жолдугун жасайлы дегендер да көбөйдү.
– Анда точно гезитке чыкканы калыптырбыз да, жолуксак Уou tubeга чыгабыз го?
– Аа десең, коркосуңбу чыккандан? Анда не кылабыз?
– Эл көрүнгөн жерден жолугалы эгер жолуккуңуз келсе.
– Эл көрүнгөн деген кандай? Площадданбы?
– Ошончолук жолуккуңуз келип атабы? Же тааныштыргыңыз келип атабы?

– Ошол жигиттин бирөөнө тааныштырсамбы дейм да...
– Эгер сиз жолуккунуз келсе макул жолугам. андан качпайм. Бирок, сиз айткан жигит менен жолукпайм кечирип коюңуз.
– Ал жигит мен болчумун деп кантип айтам, билбейм. Сени менен абдан эле жолугушкум келип жатат. Эмне кылалы, мен Көлдөгү иштеримди бүтүп келгенден кийин жолукпайлыбы кандай дейсиң?
– Бул сунушуңузга бул жолу макул болоюн, – деп агенттен жазышып отурдук.
Андан кийин ал өз иштери менен, мен өз иштерим менен алек болуп кеттим. Иштеп отурсам шеф бир депутаттар интервью алып келе кал деп ЖКга жиберген, ошол маалда Тынай мага телефон чалып калды: Ак Үйгө баратам десем, менин кабинетиме кирип кетчи, – деп калды. Арадан жарым саат өткөндө жардамчысы байланышка чыгып мени Тынайдын кабинетине алып кирди. Мени көрүп бир башкача боло түшкөнү жүзүнөн байкалып турду. Учурашып бүтөөрүбүз менен теңештиңиз, мен сизден кичирээк болуп калдым, ага сүйүндүңүз.

Сыягы боюңуздан тартынып жүргөн окшойсуз. Ал-жай сурашып, менин көзүмдү кечке караганыңыз азыркыга чейин эсимде. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдаганга аз убакыт калган эле, сиз мага бул сага майрамга карата белек деп конверт сундуңуз. Мен ошол жерден эле "Мен мындай белек эмес, чыныгы белекти күткөм бул конвертти албайм", – десем болбой сумкама салып койдуңуз. Чыгып баратканымда мойнуман өбөйүн дедиңиз эле, мойнумду акырын тартып, күлүп кабинетиңизден чыгып кеттим. Тиги депутаттан маек алып чыгып, ишке келип сумкамдагы конвертти ачып карасам 300 доллар экен. Бир чети кубансам бир чети жиним келди. Мейли деп эртеси сиз берген акчага Нетбук сатып алдым. Ошол күндөн тарта сиз мага бат-баттан СМС жазып, телефон чалчу болуп алдыңыз. Экөөбүз 20-сентябрды жолугушуу күнү деп болжогон элек. Бирок, 16-сентябрда ЖКда бир депутат менен катуу уруштуңуз. Интернеттен окуп мен да капа болдум. Ал күнү курбу кызым Анара бир жигит менен тааныштырып ошол жигитке жолукмакмын. Ал мени Пекин ресторанынан кечки саат сегизде күтмөк. Жумуштан чыгып кечки жолугушууга даярданып жаткам, бир маалда сиз телефон чалып калдыңыз. – Алтышка, 20сын күтпөй бүгүн эле жолуга береличи, көргүм келип жатат, – дедиңиз. Мен бара турган жолугушуумдан баш тартып ага эмес сизге бармак болдум. Адресимди СМС менен жөнөттүм. Бир маалда жан сакчыңыз окшойт бейтааныш жигит телефон чалып биз келдик деп калды.
Курбум Шахида да мени менен чогуу чыгып калды, мен болсо курбумдун жакшы көйнөгү бар эле, ошону сурап кийип жасанып алып чыктым.

Подьезддин алдында ак көйнөк кара костюм кийген, галстук тагынган бир жигит туруптур. Мени көрүп эле сылык учурашып жүрүңүз деп Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны көрсөттү. Мени менен чыккан Шахида бизди көрүп абдан таң калды. Ал болсо кир жууганга самын алганы дүкөнгө чыккан. Биз узап кеткиче эс талма болуп карап турду.
Лексус шаардын борборун көздөй зымылдады. Айдоочуңуз күзгүдөн мени улам карап коет, ал дагы, жан сакчыңыз дагы сүйкүмдүү жигиттер экен. Бир маалда келдик деп калышты. Карасам бир чоң мейманкананын алдында туруптурбуз. Жан сакчыңыз мени сиз турган номерге жеткирип коюп чыгып кетти. Кирсем сиз эки досуңуз менен отуруптурсуз. Алар ордуларынан тура калып, сылык учурашышты. Дасторконду жайнатып алып ошол күнкү сиздин түшкөн маанайыңызды көтөрүп шарап ичип атыпсыздар. Мен кирип, досторуңуз менен таанышып отуруп калдым. Бир маалда эт келди, анан бешбармак. Досторуңуз болсо бешбармактан ооз тийип, тост айтып алып ишибиз бар демиш болуп кетип калышты. Кечки саат онго аз калган эле. Досторуңуз кеткенден кийин жакшы таанышалы деп шербет ичип отурдук.

Ар нерсени сүйлөштүк. Көрсө сиз мыкты сөзмөр экенсиз. Адамдын тилин бат таап, өзүңүзгө бат тартып алдыңыз. Ошон үчүн өмүр бою мыкты кызматтарда жүрсөңүз керек деп боолгоп калдым. Анан албетте кесипкөйлүгүңүз да артыкчылык болуп кетет эмеспи. Көп нерселерди сүйлөштүк. Бир маалда "Мага жакыныраак отурчу", деп мени өзүңүз жакка имердиңиз, ошондо эриндерибиз кантип чапталыша түшкөнүн экөөбүз тең байкабай калдык. Сиз мыкты өбүшөт экенсиз, мага абдан жакты. Жарым саат ошол диванда өбүшүп отурдук. "Бир маалда бүгүн бул жакта эле калалычы", дегениңизден макул болуп калып калдым. Себеби, сиз менен өбүшкөн мага абдан жакты. Ал эми кучактаганыңызда болсо өзүмдү жоготуп коюп аттым. Ал түнү ич кийимчен эле жаттык. Колуңуз менин денемди толук бойдон сылап чыкты. Сизди төшөктө да мыкты го деп койдум. Таң аткычакты эриндер бири-бири менен чапталышып чыкты. Мен болсо секске даяр болуп калдым. Кичине онтоп койдум, сиздин ар бир кыймылыңыз мени ушунчалык дүүлүктүрүп турду. Жан жеримен ысык суюктук кичинеден чыга баштады. Кыздык белгиси барлар дагы ушунча дүүлүгөт экен деп өзүмө абдан таң калдым. Сиз менин үстүмө чыктыңыз, бирок кашайып сиздики такыр турбай койду. Бир чети ага сүйүндүм, эгер турган болсо ошончо дүүлүгүп турганда кыздыгыман айрылып калмак экенмин. Кучакташып жатып уктап калдык.
Таң атпай такси менен үйгө барып жуунуп-таранып алып жумушка келдим. Жумуш күнүм жакшы уланды.

Ошентип ал кишиге жолуккан күндөн тарта менде кандайдыр бир башкача сезимдер пайда боло баштады. Жумушум да негедир жакшы жүрүшүп, акча жаатында буга чейин көп көйгөйлөр жаралып келген болсо, эми ал жаатта ойлонбой да калдым. Үйдө болсо кыздар менен батирде турам. Ал кыздарга мен олигарх менен сүйлөшүп жатам десем такыр эле ишенбей коюшкан. Кийин Шахида көргөнүн айтып келгенде гана ишенимиш болуп калышты окшойт. Мен болсо интернеттен ал киши туурасында болгон маалыматтарды чогултуп, издей баштадым. Анан эле биографиясын карасам менден туптуура 30 жашка улуу киши экен. шумдугуң кургурдуку десе. Мурун мен кичине кезимде бир китеп окуп, анда 16 жаштагы кыз 46 жаштагы кишини сүйүп калып кыздыгын ал кишиге тартуулаганын окуп алып, ошол кызды абдан сөккөн элем. Көрсө эч бир кишиге сын такпаш керек тура. Айланып келип өзүмдүн башыма тийип отурат. Мамлекеттик кызматта иштеген үлкөн чиновникти баш отум менен сүйүп калам деген ой үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Тагдырың деген ар кандай бурулуштарды даярдап коет тура көрсө. Мен болсо ал кишисиз жашай албай кала тургансып, ар бир он мүнөт сайын СМС же болбосо коңгуроо күтөм. Мен качан ойлонуп аткан болсом, дал ошол учурда ал киши телефон чалып калчу болду.

Жумушумда эч ким деле билбейт, бирок семизинен келген кара тору байке дайыма менин кылып жаткан ишиме, ким менен мамиле куруп жатканыма чейин изилдеп жүрчү. Ошол киши тийише берип, акыры менден катуу кагуу жегенден кийин анын суук көзүнөн кутулдум окшойт.
Тынай дагы мага көбүрөөк жакындай баштады. Кайсы күнү бош боло калса мени менен жолугуп бир чыны чай ичсе да ошого канаат алат. Албетте, менин өзүмө тең, "кийин ушул жигитке турмушка чыгам" деген жигиттер бар. Аларды да Тынай толук билет. Ичинен кызганса да сыртына чыгарбайт, тескерисинче мага кеңешин айтып, эркекти эркелетип койсоң эле жаш баладай болот, каалаганың орундалат деп күлүп калат.

Тынай үчүн күндө жасанып, күн сайын сулуу болгум келчү. Бирок а киши менен тымызын жолугушуп, сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөнүмдү берки артыман чуркап жүргөн жигиттерге такыр билгизген жокмун. Жогоруда айтпадымбы мурун акча жаатында бир топ кыйналгам деп. Ошол кыйналып жүрүп телефон деле жаңырта алган жокмун.
Бир жолу Тынай түштөнүүгө чакырып, машина жиберип ийиптир. Макул болуп машинесине отуруп алып шаардагы ресторандардын бирине бардым. Барсам эл көзүнчө эле менин бетимен өөп, үстөлүмдү жылдырып берип, абдан сылык мамиле кылды. Ал жакта бизди тейлеген официант кыз таң калып эле карап калды. Экөөбүз бир сааттан ашык аркы-беркини ишти сүйлөшүп отурдук. Бир маалда:
– Кайсы кыздар менен жашайсың, сүрөттөрү барбы алардын? – деп калды.

– Ооба, – деп, чөнтөгүмдөгү четтери кеткен, сынган Нокия 2700 үлгүсүндөгү жүдөгөн телефонумду алып чыгып ичин аңтарып калдым.
Кыздардын сүрөтүн көрүп, ар кимисине мүнөздөмө берип бул кызың жакшы экен, тиги кызың кичине куулугу бар экен деп айтып калды. Албетте көп жашаган адам бизге караганда баары бир көбүрөөк билет да. Анан телефонуму акырын чөнтөгүмө салып алдым. Мени айдоочусу ишиме жеткирип койду.
Экөөбүз күнү-түнү тынбай СМС жазыша турган болуп алдык. Мен Тынайга жолукканы курбу кыздарым менен деле анчейин кепилеше бербей калдым. Ишке барам, кечирээк келем дагы, жигиттерге жолугам, же Тынай бош болсо баарын жыйыштырып коюп Тынайга жөнөмөй.
Сентябрь айларынын аягы болуп калган эле. Жумушта адаттагыдай бирөөдөн алган интервьюну компьютериме терип бүтөйүн деп калган болчумун. Жума күнү болгондуктан жумуштарым аягына чыгып калган. Бирок ошентсе да редакциянын түйшүгү арбыныраак болот эмеспи. Кандайдыр бир оор түйшүк менин да мойнумда бар. Аңгычакты эле телефонум шыңгырап Тынай чалып калды:

– Жөжө-ө, мени менен Ысык-Көлгө барып кеелчи? Сен жок такыр баргым келбей жатат. Сени менен жолдо карай божурашып, кучакташып баргым келип атат. Анын үстүнө жытыңды да абдан сагындым.
– Шеф уруксаат берсе эле бармакмын, гезит да даяр эле болуп калды, кайра качан келебиз?
– Мероприятия бүтөөрү менен эле шаарды көздөй учуп келебиз.
– Дем алыш күнү келип калсак эле болду, дүйшөмбү күнү катуу иштемей да, билесиз? ..
– Ооба, Жөжөм менин, же шефиңен өзүм сурайынбы?
– Жок, өзүм эле суранам.
Шефке кирип Ысык-Көлдөгү курбум турмушка чыгып ошол жакка кеткени жатканымды айтып уруксаат сурасам ал да макул болуп:
– Материалдарыңды дизайнерге тапшырып коюп кете бер, – деп калды.
Сүйүнүп эле материалдарды дизайнерге бердим да Тынайга телефон чалып:

– Келе бериңиз, – дедим. Чынын айтсам абдан толкунданып турдум. Себеби, ал киши менен мындай алыс жолго биринчи чыгышым. Жумушта отурсам телефон шыңгырап редакциянын алдында турабыз деди. Сыртка чыксам кинодогудай эле бир кара Мерседес 600 жана баягы ак Лексус турат. Анда 4 жан сакчысы автоматтары менен сыртка чыгып алышыптыр. Бир чети абдан уялып кеттим. Мен болсо жупуну кийинген гана жөнөкөй кызмын. Биздин жумуш жактагы таксисттер мени көрүп алып шок болушту. Анан дагы мени менен чогуу иштеген эжелер терезеден карап турушуптур. Аларды көрүп алып бетим кызарып кетти. Эки машине менен барганы да туура бирок. Себеби, ал кишинин чининдегилерди күн сайын эмес, саат сайын өлтүрөбүз дегендер чекесинен чыгат. Ошон үчүн ушундай жүрөт болушу керек. Бирок мынчалык кооптонгонун көрүп, чиновниктердин жашоосуна суктангым да келбей калды. Андан көрө сары суу ичсең да эч кимден коркуп кооптонбой көчөдө эркин басканың дурус окшойт деп калдым. Мерске отуруп алып Көлдү көздөй зымырап жөнөдүк.
Көлгө жеткенче Тынай жолду карай божурап барды. Барганда бир коттеджге келдик. Эми ичин айтсам жомоктон окуп, кинодон гана көрчүмүн. Ичи шумдук экен. Экинчи түндү да ойдогудай өткөрдүк. Жаткан керебети да абдан сонун экен. Экөөбүз эзилишип көпкө жаттык. Тынай мени алгач акырын эркелетип мойнуман жыттап:

– Жөжөшкаа, жыргалым менин, мен сени жакшы көрөм, радость моя, – деп кучагына кысканда өзүмдү араң карманып жаттым.
Ичимен "дагы жалынса экен, дагы өпсө экен" деп көзүм жумулуп баратты. Тынайдын ар бир өпкөнү, кучактаганы, жалынганы уламдан-улам мени арбап, өзүнө кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр менен тартып баратат. Түн бир оокумда табарсыгым толгонунан туалетке кирейин деп эле жарыкты күйгүзө калсам тумбочканын үстүндө пистолет туруптур. Көрүп алып Аллам оозуман түшүп, келмемди таппай калдым. Ага эч нерсе дебестен акырын кирип, кайра чыгып келип ордума жаттым. Экөөбүз кучакташкан боюнча уктап калыптырбыз. Тынайдын артыман кучактаганы мага абдан жагат. А Тынай аны билет. Ошондуктан дайыма мен уктаганда артыман бекем кучактап алып кичине кыймылдасам эле өпкүлөй берет.
Бир маалда уйкулуу көзүм менен ары көздөй оодарылганда эрдимен назик өөп алды. Кучакташып эзилишип кеттик. Мойнуман баштап бутума чейин бир жеримди калтырбай өөп чыкты. Бир маалда анын ысык эриндери менин алиги жериме тийгенде өзүмдү жоготуп барып араң эс алдым. Анан "меникин да өөп берчи" деди. Мен акырын өбө баштаганда эле ал да өзүн жоготту окшойт, көзүн жуумп алып акырын онтоп кирди. Ошентип отуруп экөөбүз махабаттын чокусуна чыгып эзилишип алып, кучакташып алып уктап калдык.

Эртеси эртең менен туруп ал жумуштары менен кетти. Мага болсо бир айдоочусун анан жан сакчысын берди. Алар мен кайда барсам ошол жакка артыман ээрчип барышат. Саат ондордо Көлдө иштеген Назира аттуу курбум бар, ага телефон чалдым. Чалсам сабактан эки саатка бошодум келе бер деди. Макул деп тигилерди айдатып алып Назирага учуп бардым. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөшүп, Көл жээктеп сүрөткө түштүк. Тамак ичип алып анын сабагына кирип отурдум. Окуучулары абдан сыйлашат экен. Түштө мени ат чабышка алып барышты. Ал жактан келип төшөккө кирип уктап калыптырмын. Бир маалда эшик такылдаганынан ойгонсом "Сизди Тынай тамак ичсин дейт", – деди. Анда тамакты бул жакка эле алып келгилечи дедим да кайра уктап калыптырмын. Тамак ичээрде эле маңдайыбызга официанттар туруп алып карап турушат. Тамагың аш болбойт экен. Бир маалда тамак келди. Кино көрүп отуруп тамагымды ичип алдым. А Тынайдан кабар жок. Чалгым да келген жок. Жансакчысы менен айдоочусу менден уруксаат алып бир жакка кетип калышкан. Күн кирип кеткенден кийин тиги каттеджде жалгыз калып корко баштадым. Бир маалда келди.

Мен болсо кийимдеримди салыштырып алып азыр келсе жолго чыгабыз деп Тынайдын келишин күтүп отургам. Ал келээри менен эле кетебиз деп калсам бүгүн жатып алып эле эртең менен 6да кетеличи дегенинен макул болуп үчүнчү түндү да чогуу өткөрмөй болдук. Үчүнчү түнү да кучакташып жатып эзилишип кеттик. Бирок, мага тийген жок. Анткени өзүмдүн каалоом менен гана төшөк кумарына батабыз деп сөз берген эле. Ошентсе да андан башкасын кылдык. Денемдин чоло жерин калтырбай ээритип койду. А мен болсо баягы биринчи түндө аныкы турбай койгондон кийин байкуштуку такыр эле турбайт го деп калгам. Бирок, акыры ал чыдабай калды окшойт менин жан жеримен өөп, жалап анан меникин өөп берчи дегенде кертмегинин башын кинодон көргөнүмдөй таризде өөп, жалап кирдим. Менин өпкөнүм жакты окшойт, кертмегин оозумду көздөй акырын салды. Мен да унчуккан жокмун. Алигисин оозума алган сайын анын көзү аңтарылып аз-маз онтоп да кетип жатты. Ал онтогон сайын мен ого бетер ары-бери сүргүлөп өпкүлөп кирдим.

Бир маалда алигисин оозуман сууруп чыгып эле шейшепке эрендигин бүркүп салды да шалдырап жатып калды. Мени кучактап эринимен соро өөп андан ары өбүшүп кеттик. Мурдагы түндөгү окуялар кайталанды. Бир маалда эшиктен тырс-тырс деген үн чыкса экөөбүз тең коркуп кеттик. Пистолетин алайын деп келатып мени коркпосун деди окшойт акырын тыңшап жатып калды. Ошентип ал түн да ойдогудай өттү. Эртең менен алтыда туруп алып мен душка түшүп чыксам биз жаткан номерде фен жок экен тигил номерге алып барып фенди иштетип чачымы кургатып берди. Чачымды кургатып алып күндөгүдөй экөөбүз эртең мененки тамакка түштүк. Баягы эле официанттары тамак берип чай куюп маңдайыбызда турушту. Негедир ал менен бирге отуруп тамак ичкенден тартынчумун, бир жагынан душмандарынын заказы болуп тамагына уу кошуп салса аны менен кошо мен да кете бербейин деп чочулачумун. Ал тамактан ич десе болбой чай гана ичип отуруп кайра баса берчүмүн. Ашпозчусу эртең мененкиге күрүчтөн каша жасаптыр. Быштак анан май коюптур үстөлдүн үстүнө. Мага да чоң чыны менен бериптир. Аны көрүп, бекер эле толтура куюп келипсиңер, бул кашаны баары бир деле түгөтпөйт деди. Мага болсо баары бир.

Ал жактан май чайнагандан көрө үйүмө келип кара нанды коркпой жегеним жакшы. Тамак ичип алып машинеге түшүп зымырап бараттык. Машинеде колубузду кармашып акырын сыйпалашып отурдук. Колуман кармаган сайын мага майдай жагып атты. Жаңы сүйүү оту тутана баштаган учур кандай гана таттуу. Бирок ошол сезимдер ошол бойдон сакталып калбайт экен. Тынай жол эрежесин бузуп айдап бараткан айдоочусуна улам эскертүү берип кетип баратты. Бир маалда уктап кетиптирбиз, мени бутүна жаткырып коюптур, мемиреп келдим. Шаарга келгенде, өзү Лексуска түшүп, мени мерсте калтырып, балдар үйгө жеткирип коет деди. Үйгө жетип, курсагым ачка жаным сукаман капчыгымды алып нан алып келейин деп ичин ача калсам ак конверт. Ичине 500 доллар салып коюптур. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. А мен чынында 500 доллар үчүн антип бармак да эмесмин. Болгону ал кишини абдан жактырып калып, ал менен бир саат болсо да чогуу болгум келди. Ысык-Көлгө барып келгеним үчүн, жанагындай түн өткөргөн үчүн 500 доллар салып койгон тура деп ызаландым. Бардык чиновниктерге ушундай басмырлашат деп жиним келди. Албетте, акчасы болсо бардык каалоосун орундата алышат да деп койдум.

Анан демимди бир кысып туруп "Капчыктагыны түшүнгөн жокмун", – деп СМС жаздым. Бир аздан кийин "Пожалуйста таарынбачы, мен болгону сотка алып берейин дегем. Анан өзүңн эле тандап ал дедим. Таарынбачы жаман ойлобо. Кечирип кой! " – деген жооп келди андан. Мыдан ары кайталанбасын деп барып сотка алдым. Сенсорлуу сотканы биринчи алганда такыр түшүнбөй, ар жерин баскылап атып араң түшүндүм. Менин нетбук анан эле сотка алганымды көргөн чогуу жашаган Эльвира аттуу курбум ичи тарып курбулардын арасында "Жазира кыздарды сатып иштеп атат. Абайлагыла, чет мамлекетте достору толтура аларды бул жака чакырып, кыздарды салып берип акча алып атат". – деп ушак таратып жиберди. Мен чет тилдерди жакшы билем, айрыкча англис тилде эркин сүйлөгөнүмөн улам, чет мамлекеттерде дос-тааныштарым көп. Алар Кыргызстанга келип калганда Бишкектеги кооз жайларды көрсөтүп койчумун. Бирок, Эльвира айткандай кыз сатканга менин дитим да барбайт болчу. Соткадан ашкан акчама барып жакшы көйнөк сатып алдым. Ар бир жолукканга башка кийим кийип баргым келчү. Кээде сатып ала албай калганымда Щахиданын көйнөктөрүн сурап алып кийип барчумун. Сотка алдым деп Тынайга телефон чалдым. Анда аны майлайлы деп дагы жолугушууга чакырды. Экөөбүз баягы биз биринчи жолу жолуккан мейманкананын 314-номеринен жолуктук. Дагы деле айдоочусу менен жан сакчысы келип мени үйдөн алып кетишти. Алар да менин телефон номеримди жатка билип калышыптыр. Мурун машинеге түшкөндө жан сакчысы ооз ачып мага сөз сүйлөчү эмес эле, бул жолу:
– Жазира, кол чатырыңызды алып алдыңызбы, жамгыр жаачудай болуп турат.
– Жок алган жокмун, машине менен кетип бараткандан кийин суу болбойт деле болушум керек, же жолдун ортосунан таштап коесуңарбы?
– Жо-жо-жоок, кантип таштамак элек. Болгону сага кам көрөлү деп жатпайбызбы. Иштериң жакшыбы, журналистикада эмне жаңылыктар болуп жатат? Кимден интервью алып жатасың?

– Баары жакшы буюрса. Мага кам көргөнүңөргө рахмат жигиттер!
Андан ары сүйлөшкөн жокпуз. Биздин бул сүйлөшүүбүздү Тынайга айткан жокмун. Мейманканага келдик. Адаттагыдай эшикти ачып түшүрүп, номерге жеткирип койду. Дайыма биз ал номерде отурганда маңдайкы номерде 2 жан сакчысы кезек менен бизди кайтарып эшиктерин ачып турушчу. Бул жолу да ал маңдайкы номер ачык экен. Унчукпай кирип кеттим. Жалгыз отуруптур, достору келбептир. Кирип эле мойнуна асылып эзилишип кеттик. Мага баарынан анын менин эриндеримен өпкөнү майдай жакчу. Учурашып алып диванга отурдук, дасторконду жайнатыптыр. Алма, банан, ананас мөмөлөрдүн түрү, салат жана тамактар турат. Анан сөзсүз түрдө эт турат дайыма. Мен барганда шорпо келди, андан кийинки экинчи тамакты жөн эле койгула деди Тынай. Анткени мен баары бир тамак жебээримди билет.
– Жөжөшка, сен неге такыр эле тамак жебейсиң?

– Билбейм, табитим деле жок. Анын үстүнө үйдөн тамак ичип, курсагымды тойгузуп алып чыккан болчумун. Өзүм деле көп тамак жебейм. Анан дагы сиздин душмандарыңыз уу кошуп койсо не кылабыз? Ошон үчүн абайлайм, – десем күлүп жиберди.
– Жо, чын эле сиздей болгон үлкөн саясатчынын душмандары чачтан көп. Жок кыла албай турушат. Ашпозчуга 500 доллар берип бир нерсе коштуруп койсо деле болот да.
– Кудай сактасын. Андан көрө бүгүнкү алган соткаңды мага көрсөтчү?
– Мынакей, ушул сотканы алдым деп ак телефонду көрсөттүм.
– ММС кармайт бекен?
– Ооба, баарын кармайт. Ошон үчүн ушуну жактырып алдым.

– Аа жакшы, кут болсун! Эртең эле жыртылып калсын дечү беле? – деп тамашалап күлүп калды. Түнкү саат 12ге чейин керебетте эзилишип жаттык. Бул жолу да мага тийген жок. Бирок экөөбүз тең абдан эле дүүлүктүк. Түнү айдоочусу мени үйүмө жеткирип койду. Эртеси жумушка бардым. Катуу иштеп жатканбыз. Эшик ачылып эле бир букет ак роза көтөрүп бир жигит келди. Жазира деген эжеге бул гүлдү жигити берип жиберди деди эле, шеф да материалдарды карап жаныбызда турган. Баягы мага тийишип жүргөн кара тору семизинен келген кесиптешим да турган. Баарыбыз таң калып отуруп калышты. Шеф болсо Жазирабыздын жигити укмуш романтик го деп тамашалап калды. Букетти унчукпай алып кагазынан чыгарып вазага салып коюп алдым. Бир маалда "Иш күнүң ийгиликтүү улансын Жөжөшка! " – деген СМС келди. Ошондо гүлдү Тынай берип жибергенин түшүндүм. Баягы кесиптешимдин өңү каубарып эле сыртка чыгып кетти. Жумушту жакшы маанайда баштадым. Иш убактысы бүтүп, Нурикке жолуктум. Нурик менен 2-3 жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Ал менин кыялымды көтөрөт. Экөөбүз "Три метра над уровнем неба" аттуу киного кирдик. Манас кинотеатрынан чыгып, кафеге кирдик. Ал мени абдан сүйөт.

Мен деле жакшы көрөм, бирок Тынайды сүйгөндөй ага сезим жок. Кафеден чыгып мени үйгө жеткирип койду. Эртеси дем алыш болуп калгандыктан эс алам го деп отурсам эле курбу кызымдын бир кездеги сүйлөшкөн жигитинин иниси эртеңки кечки саат алтыга байкемдин үлпөт тоюна келиңиз деп чакыруу баракчасын таштап кетти. Ал жигитинин аты Райымбек. Биз окууну жаңы бүткөн учурда курбум Гүлира экөөбүзгө жакшы колдоо көрсөтүп, үйүнө 6 ай бекер жашаганбыз. Анан эле ортодо дагы бир курбу кызым менен ысык мамиледе болгонун мен билип калып Гүлирага айтып койгом. Жаман оюм деле жок болчу. Эртеси эле Гүлира Райымбек таккан сөйкөнү эжесине жеткирип мен ага турмушка чыкпайм деп катуу айткан эле. Райымбек болсо артынан 1 жыл жакшы эле чуркады Гүлира такыр эле көгөрүп болбой койду. Мен да өзүмө жиним келди, эгер мен Гуляга айтпаганымда андай болбойт эле. Анан чакыруусун алып барсамбы же барбасамбы деп отурсам Гуля келип калды. Эмне болду дейт.

Райымбек тоюна чакырыптыр үчөөбүздү баралыбы десем жок, сен эле бар. Андан көрө мага берген сөйкө шакектеринин баарын берейин кат да жазып берейин бир конвертке салып ошону да алып барып берип койчу деп калды. Аңгычакты эле Эльвира жумуштан келип тойго бара тургандан кийин антип анын маанайын түшүрбөй эле жакшы ой менен тойлоп келбейсиңби- деди. Мен мага баары бир, мен эмнеси болсо да анын тоюна барам. Себеби, ал мен кыйналып жүргөн учурда Гуля экөөбүзгө тең жардам берген, барбасам болбойт дедим да эртеси тойго жөндүм. Тойго кичине кечирээк барып калдым, анын достору мага кечигип келдиң деп болбой арак берип коюшту. Арак башты бат эле айлантат экен, көзүм ала чакмак болуп эле бетим кызарып отуруп калдым. Бир маалда тойдо досторуна сөз берилди. Мен чыгып жакшынакай каалоо-тилегимди айтып, белегимди бердим. Анан бир жаш ырчы жигитке айтып койгон элем, ал барып Райымбекти Каным экөөнү менин атыман куттуктап 3 ырын ырдады дагы кетти. Той аяктап калган кезде, Каным менен Райымбекти бери чыгарып гүл ыргытуу аземин өткөрмөй болду. Ошондо бойдок кыздар чыккыла дегенде жаш кыздар чыгышты. Мен болсо бери жактале кызарып отургам.

Тамадасы улам эле журналист эжекебиз деп мага тийишип аткан болчу, журналист эжекебиздин жолдошу жок болсо чыгыңыз деп калды. Элдин баары кол чаап менин чыкканымды суранышканда уялып атып чыктым. Кыздар толтура жыйылып турабыз, мен бийигирээк такалуу туфли кийип алган элем, ошогобу же тагдырбы билбейм, ыргыткан гүлү менин колума түшүп калды. Кичине ичип алган жаным үйгө такси менен баргандан коркуп Нурикти чакырдым. Ал келип мени тойдон алып кетти. Үйгө келип гүлдү, тойдон түшкөн сүрөттөрдү чай ичкен үстөлдүн үстүнө коюп кетип калыптыр. Эртең менен башым ооруп жатсам эле Эльвира Гуля деп кыйкырды. Ошондо гана кечээки тойдон тосуп алган гүлдү, сүрөттү эстедим. Ошол күндөн тарта экөөнүн мага болгон мамилеси бузулуп, менден кынтык издеп гана калышты. Мен болсо алардын мамилесин этибар албай эле Тынай менен алек болуп жүрдүм. Тиги эки курбумдун ого бетер жиндери келип кантип өч алууну ойлоп жүрүшүптүр. Айтпадыбмы Шахида деген да курбум бар ал да биз менен чогуу жашайт аны да мага каршы кылып коюшуптур.

А менин алар менен таптакыр ишим жок, баарын унутуп жалгыз Тынайны гана ойлойм. Бир күнү мен жаңы алган телефонумда тыңшоо (прослушка) бар экенин билип калдым. Телефонум жөн турган жеринен эле күйүп-өчүп калчу болду. Анан Тынайга айттым экөөбүз жолукканда ал мага дагы 500 доллар берди экөөбүзгө тең фонекстин аппаратын ал анда прослушка жок дегенинен 300 долларын гана алып окшош телефон көтөрүп келдим. Бири-бирибизге бекер чалып жыргап эле калдык. Бирок мен ага көп телефон чалчу эмесмин. Себеби, мамлекеттик кызматтагы кишинин менден башка маселелери жолуга турган адамдары толтура дечүмүн. Ал кандай бошосо ошондой мага телефон чалып, үнүмдү угуп жыргап калчу болду. Арадан күндөр өттү, менин махабат күндөрүм ойдогудай өтүп жатты. Бир гана жери үйгө барганда эч ким менен сүйлөшпөйм. Ал эми иште болсо ишим илгери гана жылгандын үстүндө болду.

Кызматтан мен да кичине көтөрүлдүм. 14-октябрь болчу. Жумушта отурсам Тынай дагы телефон чалып Көлгө бара турганыбызды айтты. Мен дароо макул болдум. Себеби, ишемби күнгө туш болуп калган эле, жумуштан суранбасам да кете берсем болот болчу. 14-октябрь мен чоң жашоого аттанган, жашоомдо чоң өзгөрүү болгон дата болуп кала берди. Тынай экөөбүз кереметтүү Көлгө кайрадан бардык. Негедир ошол убактарда Көлдө салтанаттар иш-сапары көп болду, анан дайыма мени ээрчитип албаса жаман болот. Мен да өз кезегинде анын көңүлүн калтыргым келбейт. Бишкектен кечки саат 7лерде чыгып кеттик дагы ондон өтүп кирип бардык. Барсак биз барган коттедждердин жетекчиси бизди дасторконун жайнатып алып күтүп туруптур. Тынай мени уялбай эле, тескерисинче сыймыктануу менен ал кишиге тааныштырды. Тиги жетекчи мени таң калып карады. Себеби, менден башка бир да кыз же эркек журналист ал жакка барган эмес. Тынай: Бул сулуунун аты Жазира, өзү жаш болсо да бир гезиттин жүгүн аркалап келет, – деди. Тиги жетекчи унчукпай эле бизди коноктоп коюп, шашымыш болуп чыгып кетти. Баягы тамак өткөрбөгөн официанттар дагы деле жүрүшөт. Мен адаттагыдай эч нерсе деле жеген жокмун. Тамактанып алып көл жээктеп, бак аралап басып да келдик. Баягыдай эле көрүнүш биздин артыбыздын жан сакчылары да басышат. Биз токтосок артты карап, бассак артыбыздан ээрчишкенин калтырышпайт. Ага көңүл деле бурбай калыптырмын. Көлдүн жээгинде бир топко туруп калдык, мен ичиркенип кетенимен улам курткасынын боорун ылдый сыдырып мени кучактады.

Чачыман жыттап, мойнуман өөп, эриндерибиз чапталып калды. А жансакчылары болсо бизге эч ким жолобосун деген таризде айланабызда дагы деле жүрүшөт. Ошентип биз көптөн бери күтүп жүргөн түн да келди. Менин буттарымдын калтыраганын көр. Өзүмдү кармай албайм. Экөөбүз адатыбызча эзилише өбүшүп, кучакташып, чапталышып эле жатып калдык. Тынай мени секске абдан даярдады, качан мен даяр болгондо гана буттарымды өйдө көтөрүп, белиме жаздык коюп анан абайлап өзүнүкүн киргизе баштады. Аныкы менин жан жериме кирмеги бир тозоктүн гана тозогу болду. Киргиче кара терге да түшүп бышылдап кетти. Албетте, жаш курагы өтүп калган киши болсо, жаш кыздын алдында жөн деле демигип кетсе керек. Менин жан жерим болсо чыдатпай оорута баштады. Аягында кыйкырып жибердим, мен кыйкырганда катуу түрттү эле алигиси менин жан жериме кирип эле кетти. "Тыз" эле дей түштү. Ишим бүттү деп калдым.

Анан эле ошол киргизген боюнча бир калыпта жай кыймылдай баштады. Башында оорутуп кыйналып жаткан болсом, бара-бара ал оору тескерисинче жан жыргаткан оору болду. Себеби, анын арстаны менин жан жеримдин точкасын таап ошол точкага жага тургандай кыймылдап кирди. Астымдагы жаздык былчылдап эле чыкты. Тынай дары ичип алганбы же өзү эле төшөктө ошондойбу билбейм, айтор 2 саатча жөн эле иштеди. Акыры кумардын туу чокусуна жетти окшойт бакырып, мени катуу кыса кучактап үстүмө жатып калды. Мен астыбыз канга боелуп калды болуш керек деп ойлогом. Бирок, шейшепке бир да тамчы кан тамбаптыр. Баары мен да Тынай да каалап, биз күткөндөй болбой, теңирден тескери чыкты. Ошондогу ызаланганымды айтпа. Мен канчалык ак болсом да Тынайга эмне деп жооп кайтараарымды билбей турдум. Ал болсо шейшепти карап бозоруп эле туруп калды. Аны да туура түшүндүм. Чындыгында менин ак экениме ким ишенмек эле? ! Өзүмдү-өзүм жектеп, ызаланып аран эле турдум. Тынай ичинен канчалык жини келип, "Ушу чыпалактай болгон кызга кантип ишенип калдым, бул мени алдады, "буга чейин бул шуркуя канчалаган эркектин астында туйлап жатты экен", – деп ойго батып, сыртынан айткысы келди бирок карманып тилин тиши менен тиштеп турду. Төртүнчү түнү дагы ал иш болду. Бирок шейшеп дале таза бойдон. Анда да экөөбүз тең бозоруп калдык. Тынай мени канчалык жооткотпосун ызам көкүрөгүмө толуп, ага билгизбей ыйлап да алдым. Ошентип экөөбүз каалаган сыйкырлуу түн жаман түнгө айланды.

Ошондон бери Тынай мени менен жолуккусу да келбей калды көрүнөт. Эмнегедир мага анын жылуу сөздөрү, кучагы, эркелеткени жетишпей жаман болуп жүрдүм. 2011-жылдын 3-ноябры болчу. Жумуштан чыксам Тынайдан "биздин жайга келчи, сагындым" деген СМСи келип калды. Үйгө келип, душка түшүп, жаңы ич кийимдеримди кийип, жаңы көйнөгүмдү үтүктөп кийип, жасанып алып экөөбүз жолуга турган жайга бардым. Кирсем эле эки досу менен отуруптур. Шайлоону майлап отуруп кызып да калышыптыр. Кирээрим менен эле бири сумкамды алса, экинчиси пальтомду алып абдан сылык мамиле кылышты. Тамактар биринин-артынан бири келип атат. Бир маалда бир каратору досу мага тийишип жеңе дей баштады. Бир топ сөздөр менен тийишти эле унчукпай кутулдум. Алар кетишти.

Экөөбүз кайра кучакташып алып уктадык. Абдан сагынышып калыптырбыз, бир топко чейин эзилиштик. Ошентип экөөбүздун тогузунчу түнүбүз да аягына чыкты. Эң кызыгы эртеси такси менен жумушка баратсам бирөө чалды. Анан офиске келди. Мен ишим тууралуу менин артыман аңдып жүргөн кишилер го деп ойлодум. Себеби, ошол жумада чуулгандуу бир макала жазып, аягы сууй элек болуучу. Көрсө ал жигит менин мейманканадан чыгып баратканымды, таксиге отурганымды көрүп, таксиде иштеген диспетчер кыздарга чалып мени мейманканага сумкасын унутуп кетти демиш болуп номеримди алып алыптыр. Коркуп Тынайга айтсам ал "оперлер, номер алмаштыр", – деди. Эмне болсо ошо болсун аман болсом болду деп номеримди алмаштырган жокмун. Ошол убакта Тынай мейманканага жигиттерин жиберип, биз жаткан бөлмөнү тинттирип каратса эч кандай жучок таппаптыр. Ошентип ал бала кызык боюнча кала берди.

Тынай экөөбүз төшөк мамилесин баштагандан бери мен ооруй турган болдум. Качан аны менен болгондо эле жан жерим аябай кычышат. Акыры чыдабай жеке клиникага барып текшерилсем гоноккокк таап чыгышты. Тынайга айтсам мойнуна албай койду. Бир жума капельница алып атып венамдын баарын тешип салышты. Бир курс дарылангандан кийин анализ тапшырсам жакшы чыкты. Ал убакта Тынай менен бир урушуп кайра табыштым. Тынай болду мени менен сүйлөшпөй койот го деп ойлоптур. Кантип сүйлөшөпөй койо алмак элем. Ал менин жашоомдогу эң биринчи жана эң акыркы "эркек" болуп кала берет. Баягы күнү жинденгенимен болду аны менен болгон мамилемди аягына чыгарып, Нурик менен эле калам деп ойлогом. Анте албадым. Негедир жүрөгүм ага жол бербей койду. Ошентип кайра сүйлөшүп калдык. Анын давлениеси көтөрүлүп барып кайра түштү. Анын мага эркелеткени, кучактаганы өпкөнү жагат. Ошондуктан ал киши менен мамилемди такыр үзө албай койдум. Тынай өзүнүн иши, мен өзүмдүн ишим менен алек болуп жатып кантип күндөр өтүп жатканын деле байкаган жокпуз. Бирок телефондон тынбай сүйлөшөбүз. Эки күндө бирден ишиме же болбосо мен жашаган батирге таң эрте гүл берип жиберет. Кээде гүл келбей калса абдан капаланам. Анда Тынай мага таарынып, тултуюп калган окшойт деп калам. Бир күнү шеф экөөбүз бир телеканалга түз эфирге чыгып калдык. Алып баруучу кыз мага:

– Сүйлөшкөн жигитиңиз барбы? – деп суроо узатты. Мен ошол замат эле:
– Ооба, ал адам да Кыргызстандын бир четин тартып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жүрөт. Мамлекеттик кызматта иштейт, – дедим. Ошондо жетекчим мени башкача көздөрү менен карап калды. Эфирден чыккандан кийин мени үйүмө жеткирип баратып:
– Сен айтып аткан жигит "Черный мирден" эмеспи? – деп сурап калды.
– Жок, андай дүйнөгө аралашпайм дагы. Менин сүйлөшкөн жигитим жөнөкөй студент деп кантип айтам, эл алдына мактанып койдум, – деп койдум. Ошондон кийин шеф Жазиранын жигити черный деп тамашалап калат.

Эртеси жумушка келдим. Интернетке кирсем, Тынай агентте отуруптур. Амандашып алып ар нерсени жазышып отурдук. Мен болсо үйдө эмне болсо ошонун баарын Тынайга айтып берем:
– Кандай Жөжөшка? Иштериң жакшыбы?
– Ооба жакшы буюрса.
– Эмне жаңылык?
– Шахида күйөөгө кетем же батирден чыгам деп бизди коркутуп атат.
– Эмнеге?
– Анын ажырашканына 3 жылдай болуп калбадыбы. Ошого өткөндө катуу ооруган. Себеби, ал ажырашкандан бери бир да эркек менен катышта болбоптур, ошого гормондору бир нерсе болгон го, катуу ооруп атат. Доктур эртерээк турмушка чык же төрө дептир. Анан төрөйм деп атат.
– Анысы жакшы экен. А кимге турмушка чыгам дейт?
– Билбейм, анысын деле айткан жок.
– А берки эки кыз кандай жүрүшөт, сени менен урушпай калыштыбы деги?
– Мен алардын сөзүнө көңүл деле бурбай калгам. Болгону үйдөгү маселелер тууралуу гана кичине сүйлөшүп коем. Мени олигарх менен сүйлөшкөнүмдү көрө албай атышат го.
– Жөжөшка, мени олигарх кылып салдың го-о.

– Анан жөнөкөй чабансызбы? Сиз деген Кыргызстандагы алдыңкы он кишинин катарына киресиз.
– Койсоңчу, Жөжөшка...
– Мейли, жолугушканча жакшы туруңуз. Баса качан жолугабыз? Абдан эле сагынып кеттим го сизди! Башымды ийиниңизге жөлөп уктагым келип атат абдан-абдан.
– Сен качан десең ошондо жолугабыз да. Акыркы күндөрү сенин каалооңдун баарын аткара турган болуп калдым ансыз деле. Көнүп калып баш ийдим же абдан эле сүйүп калдым...
– Сүйүп калуу мүмкүнбү?
– Толук мүмкүн. Анткени сен сүйбөй кое ала турган кыз эмессиң. Бир нерсең абдан эле тартып турат. Эмнең тартат экенин такыр эле түшүнө албай койдум. Же башымды айлантып алгансыңбы? (тамаша)
– Тамашаңызды коюңузчу. Башыңызды айлантпай эле мен да сизди жакшы көрүп баратам. И баса, ушул суббота жолугалычы, мен жумуштан эртерээк бошойм.
– Макул анда, мен балдарды жиберейинби же такси менен эле биздин дарек боюнча келе каласыңбы?
– Такси менен эле барам. А то балдарыңыз кечке эле бир кызыктай көздөрү менен карай беришет.

– Макул анда жакшы тур.
Алтынчы күндү чыдамсыздык менен күтүп отуруп биз жолуга турган күн да келип калды. Жумуштан эртерээк чыгып алып, ЦУМ жактагы бутиктен жашыл кофта сатып алдым. Үйгө келип кийип көрсөм жакшы жарашат экен. Душка түшүп чыгып жасанып жаңы сатып алган кофтамды кийип алып, биз кезиге турган жайга такси менен зуулдап жөнөдүм. Барганча таксист жигит мага ар кандай суроолорду берип жиниме тийди. Акыры жетчү жериме жетип акчамды сунсам:
– Акчаңды жөн эле кой, андан көрө сен бошогон күнү кезигели номериңди таштап койбойсуңбу? – дейт. Ачуум келип акчаны машинесине ыргытып алып түшүп кеттим.
Кирип баратканда ресепшнде отурган кыз каяка баратасыз дейт, 314-номерге десем унчукпай эле калды. Номерге келсем Тынай дагы бир досу менен арак ичип отуруптур. Аракты жакшы көрөт окшойт, бирок бир да жолу мас болгонун көргөн жокмун. Кирсем сумкамды алып, бетимен өөп досуна:

– Бул кыздын аты мен үчүн Жөжөшка сен үчүн жөн гана Жазира деп тааныштырды. Тамаккка отурганда тиги досу менин кайда иштеп, эмне иш кылаарымды сурап баштаганда эле Тынай кызганып кетти окшойт, мен үчүн жооп бере баштады. Жөжөшка гезитте иштеген үлкөн журналист, жаш болсо да бир гезиттин түйшүгүн тартып жүрөт, – деп калды.
Анда тиги досу мени дагы бир сыйра башыман бутума чейин карап чыкты дагы ичип аткан тамагын ичүүнү улантты. Дайыма жолукканда достору тост айтып анан кетишет. Бул жолу мага да тост айттырышты. Андай кишилердин арасында тост айтуу мага оор болду. Бирок, кыйналганымды билдирбей:
– Достугуңар бекемдей берсин, ушинтип бири-бириңиздерди көтөрмөлөп гана жүрө бериңиздер! – деп кыска жана нуска тост айттым. Бетим кызарып кеткенин байкаган Тынай мени акырын колуман кысып койду. Достору кеткенден кийин экөөбүз отуруп алып шампан ичтик. Бир бокал ичкенден кийин башым ооруп чыкты. Тынай башымды кармап берип массаж жасап жаткан. Анын массаж жасаганы менин башымдын ооруганын жаза баштады окшойт бр маалда уйкум келип анын тизесине көзүм ирмелип кетиптир. Көзүмдү ачсам бир саатча уктаптырмын, Тынай болсо дагы деле массаж жасап мени карап отуруптур. Көзүмдү ачсам көзүмөн аяр сүйүп:

– Ушу кызды неге мынча акшы көрүп калдым десең? Башың айыгып калдыбы, Жөжө? – деди.
– Ооба, – деп турсам телефон чалып ысык тамак алып келгиле деп балдарына буюрду.
Арадан 20 мүнөт өтүп-өтпөй ысык шорпо келди. Аны ичип алып кучакташып алып төшөккө кирип кеттик. Жаңыле уктайлы деп атканда Тынайдын аялы телефон чалып:
– Качан келесиң? – деп калды. Ал болсо:
– Бүгүн балдар менен бильярд ойноп жатабыз барбай калышым мүмкүн, – деди да трубканы койду.
– Жөжөшкаа, эмне маанайың түшүп каалды?
– Маанайым сизге жолукканда такыр түшпөйт. Аялыңыз чалдыбы?
– Ооба. Кечиккенимден эмне болдуң деп чалыптыр.
– Ммм... Баса, мен сизден канча балаңыз бар деп такыр сурабаптырмын? ..
– Бир уулум 2 кызым бар. Баары турмушка чыгып өз жолдорун табышкан. Неберелерим да бар. Буюрса алар да чоңоюп келе жатышат.

– Жакшыкен.
– Андан көрө ишиңде эмне жаңылык? Көп иштеп жатып кыйналган жоксуңбу?
– Кыйналган деле жокмун, сүйгөн ишим болсо иштөө мен үчүн рахат да. Баса, баягы мага тийишип жүргөн коллегам бар го, ал "мени менен тоого эс алып келбейсиңби, жалгыз баргым келбей жатат? " дейт.
– Ал киши сага эмнеге эле анча жабышып калган? Балдарды жиберип коеюнбу?
– Жоок, ал кишини ошондо эле өз ордуна койгом, кабатырланбаңыз. Кызыңызды ээрчитип алыңыз мен бошобойм, жигитим кызганчаак, – десем унчукпай кабинеттен чыгып кетти.
– Ошол кишиңден жаман кызганам да. Мен тирүү болсом сенин бир тал чачыңды эч кимге карматпайм, буюрса. Баса, балдардан гүл берип жибердим эле, алдыңбы?
– Ооба, алдым, рахмат! Маанайым абдан көтөрүлүп калбадыбы гүлдөрүңүздү алып. Мындан ары мен үчүн гүлгө акча керектебей эле коюңузчу, сизди банкрот кылганы калдым го? ..
– Сен үчүн акча коротконум эч нерсеге арзыбайт. Андан көрө жакшы жаңылыктардан кеп салчы. Курбу кыздарың жакшы жүрүшөбү? Алар менен мамилең жакшы болуп калдыбы?
– Мурункудай эле сүйлөшпөй, өз ишим менен гана алек болуп жүрөм.
Тынай мени эркелетип мойнуман өөп жатып мойнумдагы кызыл тактарды көрүп:

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?