кайната-эне

Озунду карап, озундун ишинди так аткарсан, женил кабыл алып, жакшы мамиле кылып койсом



 Саламатсызбы? Мен 43 жаштамын, бул группаны коптон бери окуйм,

 турмуш коргон эже синдилерден кенеш сурап кайрылышат, коптон бери байкасам, мага окшогон чонураак аял кенеш айтса, ажылдап каптап эле кетишет, тили уу жаш эле келиндер бар, ошолордун эле "дежурный" кайын журтту ордуна кой, сен кул эмессин, чайды оздору коюп ичсин, сен милдеттуу эмессин, кайнене ооруса баласы мн кызы карасын, кызы келсе, кайнеже, кайынсинди тез тез келип, козуно корунбосун деген кенештери укмуш "лайк" топтойт да, баштары айланган жаш кыз келиндер ошол кенештер мн турмуштарын бузуп, айла жоктон экинчи турмушту коздойт, экинчи турмуш деле ошол экени, эрдин саны кобойгону башына келгенде гана тушунушот. Эми мен озумдун эчкимге керексиз кенешимди айтайын, мен да кайнене кайнежени жаман коргон кундорду откоруп, кеп алардын жамандыгында эмес экенин, мен ошол нерселерди женил кабыл алып, жакшы мамиле кылып койсом баары отот кетет экенин тушундум, кичинекей кайни кайынсиндилер ошол кичине боюнча тура бербей, чоноюпчоноюп эр жеткенде аларга кылган жаман мамилем уят экенин тушундум, башына иш тушсо, жамандык жакшылыкта ошол кайнене кайнеже, кайни биринчи кол сунуп, кошумчасын кошуп, материально болбосо да кызматка келээрин тушундум. Озунду карап, озундун ишинди так аткарсан, уй булоодо болобу, коллективде болобу, кадыр баркын бийик болоорун тушундум. Ал эми эрте жатып ал, чай бербе, кайнене кайнатаны оз кызы мн баласы карасын дегендер силерде ата эне барбы??? Келин, жененерге ата энеме чай бербей эрте жатып ала бер, агам экообуз карайбыз деп кундо барып тамак кылып бересинерби?? Силер да бироого кайнежесинер уйунорго барсанар, келин жаман коруп, чай койбой койсо да ыраазысынарбы???

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?