Саламатсыздарбы группа мен ушул жакка жазып женилдегим келди.
3 чүрпө балам менен квартирада жашайм. Жолдошум Ош-Бишкек жолунда жумуш менен таксиде бара жатып автокырсыктан каза тапкан 1 жарым жыл болду 3-балам 1 айлык боюмда бар кезде кете берди. Ичим чыккыча особняк үйлөрдү уборка кылып иштеп жүрдүм 4,2 жаштагы кыздарымды үйгө бекитип коюп төрөп үйдө отуруп калдым. Кээде ток кээде ачка күндөрүм отуп жатат. Квартира 6500 сом 2 айдан бери ошол акчага хозяйканын 1 жашар кызын карап жатам. Комната да асты семент сырты пескоблок болуп аябай муздак болот жылыткыч жылыта албайт балдарым да биринин артынан бири ооруйт😓 аябай кыйналып кеттим, же бир тыңгылыктуу курсактарын тойгуза албайм, өзүм 42кг болуп калдым стресстен өмүрү мынча арык болгон эмесмин. Уч баламды болбой бир тууган кылып багып алган үй -булоо болсо берсемби деген ойлор келип атат кийин чогу болушса мендей болуп жалгыз кыйналбай, ушинтип ооор турмушта буларды кыйнабай😭. Өзүм жаным тынч өлөт элем билбейм уже күчүм калбай калды чынында, ар кайсы жерим да ооруйт 🥺. Же жардамдашар ата-энем жок. Кайненем деле ойлонбойт келиңиз же балдарды карап бериңиз иштейин десем күйөөңдү бакканым жетишет дейт. Кыска ойлонот ал адам. Эмне жеп эмне кун коруп атасыңар деп да ойлонбойт төрөгөндон кийин бак өзүн деп. Балдарга да пособие өткөрүп бербей койду ар шылтоону айтып документ толук эмес андай мындай деп күндөшүмдөй эле мамиле кылат. 3 айдан бери чалбай койсом өзү да чалган жок баарыбир экен ага деле. Күйөөм болсо кана минтип ачка чыркырабайт элек төртөөбүз😔. Мурун тирүү кезинде көрсө болбогон нерселер үчүн эле уруша берчү экенбиз ойлонсом, тирүү жүргөнү өзү бакыт болчу экен да..


Эже блогерлер аркылуу кайрылуу жасатыныз, москвадагы блогерлерге байланылсаныз жакшы болот москвад аздан болсода жардам кылабыз акча жагынан картанызды жазып киргизиниз же болбосо
ОтветитьУдалитьКартаныз болсо чыгарып койсонуз же ответь кылып жазып койунуз жардам беребиз
ОтветитьУдалить