Ошентип 25 жашымда ата энем айткан балага тийип. кийин дос балама берип журом...
Салам.Мен 30 жаштамын,азыр эки балам бар,ажырашып кеткениме бир жыл болоюн деп калды.
Убагында көп жуучу келгенде ата энем ,түндүк ,түштүк деп бербей койду эле.Деги эле мага жаккан балагы бербей коюшкан .Ошентип 25 жашымда ата энем айткан балага тийип.Акыры төрт беш жолу серезно ажырашып ,кайра жараштык.Акыры ата энем да жашабайсын деп чыгышты ,болду жетет деп.Куйомду сүйбөйт элем ,бирок акыркы жылы аябай балдарым үчүн жашаганга аракет кылдым.Бирок таштап кетип калды колумда кенедей балдар менен.Эми бул жердеги маселе менин ата энем,иним .Дайыма кийлигише берип тажадым,окуп бутургон окуум да өз каалоом менен окубадым.Ата эненин ыраазычылыгы деп тийдим эле.Акыры ажыраштык,арасында кийлигише беришет эле.Куйом жалкоо анан бошураак болчу.Ажырашып иштеп жүрүп бирөө менен таанышып калдым.Колумду сурап жатат.Бирок үйлонгодо калын эч нерсе жок эле атаңдын алдына барам деген.Ошону ата энеме айтсам,иним баш болуп дагы кийлигишип жатат.Ал болбойт ,сени баалабай үйлөнүп ,жакпасан кууп жиберет деп
Эми мен кантем ? Мен чындап өзүмө жаккан бирөөнү таптым.Балдарымды деле ойлоп жатам...Негизи турмушка чыгуу оюмда жок болчу.Бирок тиги жигит дагы ажырашкан эки баласы бар.Бир чети коркуп жатам.Ата энем балдарын кичинесинде күйөөгө тийип кет деп атты эле .Эми тиги баланы айтсам ,битин сыгып кан жалаган экен,сени сүйсө салт менен алып кетсин дейт 🥲.Ортодо иним телефонумду ачып ,жазышкандарыбызды окуп алып ата энеме кооздоп айтып барды .Мен бул эрге тийбесем деле болот! Бир гана ушул ата энем мени башкарып ,менин жашоомо кийлигишкен ден тажадым! Акыры ыраазычылыгын деле таппадым,тийген күйөм менен күч күйөө болуп жашадык .Аябай тажап кеттим.Балдарымды алып өзүм багам десем ата энем оорутасын деп бербейт.Кайра милдет кылат.Озгочо ушундай жагдай иним заграницадан келгенден бери башталды .Мен ал үйлөнө электе үйдөн чыгып кетким келип жатат.Мен кичине кыз эмесмин го акыры.Бирок ата энемдин уккум да келбейт калды.Азыр эми батпай жатам үйгө,сыйым кетти үйдөгүлөр менен!Кандай кеңеш бересиздер!

Отправить комментарий