Жашым 17де жакында 18ге толом. Жигитим бар.
Ойноп жаштык-мастык деп эмес чын ниет менен суйлошобуз. Ата-энелерибиз билишет ,каршы эмес.Ата-энем, бир туугандарым Москва жергесинде болгондуктан быйыл колледжди аяктап, алардын жанына кетейин дегем. Бирок жигитим кетпе, сагынам деп жатат. Ал Бишкекте окуйт мен Ошто. Бир айда бир жолу соссуз келип коруп кетет. Кээде 2-3 жолу. (Пятница сабактан чыгып келип, воскресенье кеч жолго чыгып кетет). Бул жакта жалгыз эмне кылмак элем десем, анда баш кошолу дейт.Жок али жашпыз, мен 2-3жыл журуп келгенден кийин десем болбой сени кетирбей алып калышым керек, кыз бала иштеп эл-жер коргондон кийин турмушка чыккысы келбей калат деп апасына айтып, сойкосунон бери алып койду. Кетем десен алып келип алам деп.Чынында ал да,уй-булоосу да ото сонун кишилер. Аялга болгон мамилеси аябай жакшы.Коркконум экообуз тен жашпыз. ортобузда 2 жаш айырма. Турмуш оюн нерсе эмес го кыйналып калбайбызбы? Эрте турмуш курган эжелерден кенеш сурайын дегем. Озум уй жумуштарына тын элемин, шаарда осконум менен айылдын жумуштарын да кыла алам. Негатив жазбай жакшы кенештериниздерден берип койунуздарчы.


Отправить комментарий