Турмуштамын 10 жыл болду, бир бала мн суйлошом ортобузда уят кылчу жакындык болгон жок...
Саламатсызбы,чыгарып коесузбу аноним кылып. Мен ушул группаны дайыма окуйм.
Ушул группаны окуп,комментарийлерди окуп өзүмө сабак алам.Мен да болуп жаткан окуялар мн бөлүшүп кенеш алгым келди.Турмушка чыкканыма 10жыл болду,2 балам бар.10жылда кайын журттан жакшы эле кордук көрдүм.Жолдошум да измена кылды.Балдар үчүн баарына чыдадым.Кайын журт сен малайсын дегенге чейин да барышты.Көнүлүмдү көк таштай калтырышты,айтып отурсам бир китеп жазчудаймын.Акыры жумушка кирип,иштеп жүрүп бир бала мн жакшы сүйлөшүп калчубуз.Акыры экөөбүздүн сүйлөшүүбүз достукка,анан сүйүүгө өттү.Бири-бирибизди сүйүп калдык,буга чейин жолдошүма анча сезимин болбогондуктан,анын мага кылган мамилесинен аны жактырып калдым.Бирок ал бойдок бала эле,менден 4жашка улуу.18 жашымда ала качып кетип,отуруп калганмын.Ал бала мн мамиле куруп датканыма 1жыл болду,кээде сагынышып кезигип турпбыз,бирок ортобузда уят кылчу жакындык болгон жок и болбойт дагы,ооба мен андай жолго эч качан бара албайм.
И ал дагы менден андай нерсе үмүт кылган жок,дөн гана мага сүйүүсүн,жакшы сөздөрүн арнап турат,кээде белектерин да берип турат,андай белекти 10жылда жолдошумдан да албагам.Бул мамилени жолдошум билип калып чон чатак чыкты,мен ачыгын айттым,бирок жоллошум мени коркутуп кетирбей кармап турат,меники болбосон,башканыкы да болбойсун,экөөндү тен өлтүрөм дегенге чейин барды.Бирок биздин мамиле токтогон жок,болбой эле табышып алдык,канчалык андан алыстайын,мындай болбойт деген сайын жүрөккө буйрук бере албайт экенсин,сагынып,куса болуп кетип атам.Ал менин 1 гана жообумду күтүп жүрөт,макул десен азыр алып кетем дейт.Бирок мен андай кыла албадым,ата-энемди да ойлодум,и ага айттым сен өзүнө ылайыктуу турмуш курбаган кызга үйлөн деп.Мен сени сүйөм,оа мен башкага үйлөнгөн күндө да аны сүйүп кете аламбы дейт.Балдарымды да сурап турат дайыма.Ушундай кайын журттун кордугунан,күйөөмдүн кайдыгерлигинин айынан башканы жактырып отурам,балдарым үчүн көз жумуп келем,мындан ары кандай болот башым ман.

Отправить комментарий