Саламатсыздарбы? Чыгарып бересизби? Рахмаат.
Мен үйдөн качам, кайненем, жолдошум болуп чогуу чай ичкенден корком. Себеби мага тиешеси жок проблемаларга да мени күнөөлөп коюшат. Кыздары бири-бири менен урушса да, турмушу болбой калсада, өздөрү урушуп жатып мени сен мындай кылдыңбы же тигинттиңби деп ортого тыга салып мени крайный кылып коюшат. Жолдошумдун жанында өзумду кооптуу сезе берем дагы эмне болот деп. Кичине ичип алса болбогон шылтоо менен сүйлөнүп койгулана берет. Жолдошумдун жанында коргоочу эмес абюзер эркектин жанында жүргөндөй жүрөгүм сыгылат. Акыркы күндөрү мен аларга желмогуз көрүнүп жаткандаймын. Баары колумдан келет, жумушум да жакшы баарына жетишем. Балдарым бар кудайга шүгүр. Кылганымдан кынтык табышпайт. Кайненем баласын кызганат окшойт уруштура бергенине караганда. Кабинетимде жатып калгым келет үйгө барбай. Кайненелер эмнеге мындай болушат. Мен да кайнене болом. Менин да женем, келиним бар, мен да кайынсиңди кайнэжемин.

Отправить комментарий