атаэне

Ошентип 7 айдан кийин өзүмдү арнап койдум. Менден 5 жаш кичине, үйлөнгөн эмес бала экен



 Саламатсыздарбы айымдар, менда ичимдеги бугумду, сырымды силер менен бөлүшкүм келди.

 Сөз башынан болсун анда. Жашым 33 тө 3 балам бар. Күйөөм менен 10 жыл жашап ажырашып кеттик. Ортодо өтө көп жаман иштер болду. 10 жыл ичинде тытынып иштеп үй жай кылып, башым менен жер чукусамда жакпадым. Күйөөмдүн катын поздугу, кайненемин динсиздиги акыры бизди эки жака болду. Ошентип убакыт өтүп бир бала менен таанышып калдым. Ажырашканын, жашы тең экенин айткан, чыныгы эркек болчу, мага мээримди, сүйүүнү, забота, эркелетүүнү ошол эркектен көрдүм. Ошентип 7 айдан кийин өзүмдү арнап койдум. Кийин билсем менден 5 жаш кичине, үйлөнгөн эмес бала экен. Экөөбүз 3 жыл жүрдүк, 3 жылда эт менен тырмак болуп калдык. Никесинеда алды жашыруун, биздин мамилени эч ким билбейт, ата-энеси жакында кыз таап үйлөп коюшту. Мен жаман болуп жатам кызганып, тою күнүда тез тез сүйлөшүп атты. Ал кыз менен ажырашаарын, бир бир кылайлы анан чоогу болобуз деп атат. Мен болсо менин жообуму бер, сага тоскоол болбоюн десем эч качан жообуңду бербейм дейт. Мен өзүм арык, орто бойлуу, симпатичная, тыкан аялмын. Бир көргөн адам 3 баласы бар дебейт, жаш көрүнөм, ал ошон учунда кой бергиси жок. Ээми дальше кантем, өтө кыйналып жатам, жүрөгүм кадимкидей ооруйт, балдарымда чоноюп калышты. Акылым өз жайына кой дейт, жүрөгүм бергиси келбейт. Унутуп, кутулгум келет, мага совет бериниздерчи, ар бир сөздөрүңөр маанилүү!

Отправить комментарий

2 Комментарии

Скачать?