Саламатсызбы админ, Азыр жашым 30 да турмуштамын.
Менин жүрөк ооруткан көйгөйүм ЭРКИНДИК!!! Бардар үй-бүлөөнүн кызымын кичинекей кезимден эле ата-энем, эжекем менин өз оюм менен эсептешкен эмес, мен учун баарын өздөрү ойлонуп пландап коюшчу. Мага жашоо женил эле даже эртенки күнүмдү ойлонбой калгам баары бир үйдөгүлөрдүн айтканын аткарууга аргасыз элем. Ошентип алар тандаган кесиптин ээси болдум, бирок иштей албай койдум. Алар тапкан жигитке турмушка чыктым, 5жыл болуп атат дагы эле сүйө албадым, сүйүүсүз эле аргасыздан 2 бала төрөдүм. Жолдошум аябай каардуу бирок эмгекчил, жакшы эле табат, бай болбосок да орто жашайбыз,. Балдарыбызга аябай жакшы кам көрөт, мени болсо УДОБНАЯ ЖЕНЩИНА кылып алган. Үй кызматкери катары эле мамиле кылып калды, өзүм деле ошого көнүп калдым. Өзүмө убакыт ажырата албайтам, даже башымды 1жумада 1жолу араң жууйм. Кебетем өтө жүдөмүш болуп кетти. Жолдошумду көргүм келбей калды, сүйүүсүз жашоо абдан оор экен, орой сүйлөшөбүз, төшөгүбүз почти бөлүнүп эле калган, түнү жаныма келсе акырын кичүү баламды чымчып ойготуп койчу болдум. Балам 1 жаш эмчек эмет, ошентип мага тийише албай калат антпейин десем, мурдалары массаж жасап каалагандай жатып берчумун ЖЫРГААП ишин бүтүргөндөн кийин кайра эле ОРОЙ сүйлөп жүрөгүмдү оорутчу. Уже таптакыр жүрөгүм чыдабай калды. Ажырашалы десем, бул үйдөн только өлүгүн чыгат, качып кетсен либой жерден таап өлтүрөм деп коркутчу. Деги бир левый басайын дебейт, же сулуу кыздарга деле кызыкпайт. Экинчи аял алам десе ОТ ДУШИ ыраазы болмокмун, бир аз болсо да ажырашууга оңой болот беле. Башка жактырган деле эч кимим жок, жаман ойлобогула бирок идеальный эркек издегим келип атат. Өзүм да идеалдуу аял болууга да болууга аракеттенип жатам. Билим алайын деп курстарды сатып алдым, бирок окугандарым мээме кирбей атат. ПСИХОЛОГго барсамбы? Же Психиатргабы? Кенеш бериниздерчи?


Отправить комментарий