Кандайсыңар? Биздин үй бүлөөдө түшүнбөстүктөр болуп жатат.
Жалгыз Кайың сиңдим бар 20 жашта. Кече апама баланын апасы чалып куда тушолу дептир. Ал бала күйөөмдүн классташ баласы. Кайынсиндимден сурасак ооба көптөн бери сүйлөшөбүз турмушка чыгам макул дегиле десе болобу. Күйөөм билбейт болчу кечинде жумуштан келгенде апам айтса кайынсиндимди сабап кол которуп араң ажыратып калдык 🤦♀️. Күйөөм айтат кабыл алайын десем да жүрөгүм жок деп атат деп. Себеби ал классташ баласын күйөөм жактыра бербейт бираз туура эмес жолдо жүргөн бала дейт. Кандай кылаарыбызды билбей калдык. Менин боломдун аталаш иниси да алам деп жүргөн ага үйдөгүлөр куда сөөк деп макул болбой коюшкан. Күйөөм айтат ошого сатып ий муну андан көрө деп😀, тобоо кылдым. Классташтарымдан да чыгып калам күйөө калбай калгансып дейт. Бир айылда жашайбыз колдо калчу бала классташ баласы. Эмне кылсак кенеш бересиздерби. Апамда ойлонуп атат. Админ рахмат сиздерге
Отправить комментарий