гейлер

Булардын кылыгын көрүп алып көңүлүм калып, өзүмдү керексиз буюмдай....



 Жолдошумдан көңүлүм калды. Азыр колумда бир жарым жашар уулум бар. 

Ажырашып кетсемби деп ойлонуп жүрөм. Курбуларыма айтсам алар үй бүлөлүү  болбогонго эч нерсе түшүнбөйт экен.  Ошол себептен сиздердин кеңеш сурагым келет. Жолдошум жакшы жерде иштейм. Кимдер менен иштешерин айтпай эле коюну туура көрдүм. Кош бойлуу болгону токсикоздон катуу кыйналып тынбай ооруканага жатып жүрдүм. Кээде жолдошум келбей да калчу. Көрсө ошондо белгилүү эле кыз менен көңүлдөш болуп жүрүптүр. Ал кызга жигит жок бекен?

Өткөндө ал кыздан смс келиптир. Аны кокусунан көрүп калдым. Ал кыз эгер мага үйлөнбөсөң мен инстаграмм барачага жазып чыгып мамилебизди элге  жаям, аялың менен балаң мага бир тыйын дептир. Бул мага катуу тийди. Канча жолу ал кызга жардам берди мен болсо белгилүү адамдар ак көңүл болот деп койчумун. Көрсө ал кыз менин күйөөм менен соо эмес экен. Вотцапта экөөнүн бири-бирине жиберишкен жарым жылаңач сүрөттөрү жүрөт.  Булардын кылыгын көрүп алып көңүлүм калып, өзүмдү керексиз буюмдай сездим. Ушинтип эле жакшынакай турган үй бүлө бузулуп, балдар жетим калат турбайбы?  Азыр оор абалда турам. Тирүүдөн түңүлбө дегендей алардын сүрөттөрүн чыгарып ийейин деп бирок сабыр кылып карманып турам. Балким күйөөм эсине келер деп да ойлоп кетем.  Кымбаттуу эжекелер мага кеңеш берип коюңуздарчы сураныч.
Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный19.11.23

    Жашап тур анын качат артист жаман болот озу барып барып!

    ОтветитьУдалить
Скачать?