карадуа

Куйоого тие элек эле серый корунот баары, жезгемпир сыяктуу эле болуп калдым. ...



 Саламатсызбы менин катымды да чыгарып беринизчи🙏

Мен турмушка чыга элек кызмын. Акыркы учурда бир кызыктай абалда жүрөм. Кечке жатам турсам эле ыйлайм жашоонун кызыгы кетип бардык нерсе серый корунуп жатат. Намаз окуп аракет кылайын десем эрте менен тура албайм кечинде уктай албайм жезгемпир сыяктуу эле болуп калдым. Чон эле кыз экенсин шылтоо айтпай туруп иштебейсинби деп жаман көрүшүнүздөр мүмкүн бирок ишти да алып кете албай жатам. Өзүмдү аябай жаман көрүп калдым ушундай жалкоо адам экенминда деп. Мындай абалда жүргөнүмө көп эле убакыт болуп калды почти 2 жыл. Бул аралыкта психологго да барып көрдүм эч кандай жыйынтык жок бираз жакшы болом анан кайра эле ушул абал. Эмне кылсам болот, кандай кеңеш бересиздер? Башка өлкөгө кетип калсам алаксып өзүмдү колго алып кете аламынбы? Рахмат!
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?