Саламатсыздарбы?. Менда башымдан өткөргөнду айтып ,сиздерден кеңеш сурайын дедим.
Өзүм 94 жылкымын Ош жактагы бир райондо жашайм.Мындан көп жыл мурун кокустан ооруп калып ошону менен көп личенияларды алсамда.
Бир аз угуум начарлап кети наушниктерге да көнө албай кыйналып кеттим.
Турмуштан бир жолу жаңылып чүнчүп эле депреция болуп.
Өзү оору сезилбейт турмушка тың элемин кулинарияга кызыгып впечка самса жб түрүн үйрөндүм..
Баары түш сыяктуу эле ишенгим келбейт баардык сөздү көңүлүмө жакын алып тез ыйлачуу болдум.
Бирөө м-н таанышсаңда түнүшпөйт көбү жакшы угалбайт экенсин, сөзүңдө түшүнүксүз сүйлөйт экенсин неге мындайсын деп кайра көңүлүмдүү ооруткандар..
Досторумдун балдары мектепте окуп калган көрсөм ичим ачышат мен бактылуу болгонго акым жок окшойт деп.
Же алаксып иштейин дессең кондитерби , тез татым ,минутка тамактануу жайларынабы ишке алуусу кыйын экен.
Кээде кантип жашашты билбей калат экенсин.
Ата энем бир туугандарым баары бар шүгүр.
Алардын да эми өздөрүнүн турмуштары бар
Отправить комментарий