Саламатсызбы админ, чыгарып берип койосузбу аноним кылып. Менде дагы баягы эле куйоо маселеси.
Соз башынан болсун куйоомду бир коруп эле жактырып калгам. Ал убакта анын 3жылдан бери суйлошкон кызы бар экен. Экообуздун апаларыбыз жакын болгондуктан куйоомду коруш учун кун сайын ар шылтоо айтып аны коргону уйуно барат элем. Ошентип апасына жагып куйоомдун ой боюна койбой эле мага уйлондуруп коюшту( жалгыз бала болгондуктан апасын кыя алган жок окшойт)ал убакта бактылуу болгонумду айтпай эле койойун. Ошентип тойда болду, кеч кирди ал куну куйоом келип эч нерсе кылбастан жатып алды. 2-3 айга жакын тийген жок мен келгенче уктап калып жатты, мага деле суз мамиле кылып коюп журду. Ал убакта тиги кызы менен суйлошуп жургонун журогум сезип турды. Анысына чалып жон жур апана айтып айылына шерменденди чыгарам десем, куйооно айт мени жайыма калтырсын деп койду. Апасына айтып отуруп акыры куйоом ага жазып, чалганын токтотту.Куйоом колунда бар жердин баласы болгондуктан жанагы кызы суйлошот окшойт. 4 жыл жашаптырбыз, 4 жылдын ичинде 2 балалуу болдук куйоом балдары десе жанын бергенге даяр. Жакында эле кызыбыздан атын мурдагы суйлошкон кызы экоо тандаган атты койгонун билип калдым. Куйоомо айтып ызы учу чыгарсам жон эле атда деп моюнуна албай койду. Ортодон озунун жакын дос баласы мурдагы суйлошкон кызын ухаживай тетип баштаса анысын сабап алыс жур деп экоонун суйлоштурбой коюптур. Баяда ал кызы университетти буткондо ага гул заказ кылып куттуктаптыр 4жылдан бери мага 1шт гул дагы берген эмес инстаграммдан окуп алып аябай жаман болуп ыйладым. Ал кыздын аккаунттуна кирип карасам жакында эле бир бала менен суйлошуп баштаган экен анда дагы куйоом анын жигитин табып алып, андан алыс жур деп дагы коп создорду жазыптыр. Эми болсо ал кызга чалып сени апана айттам десем мени менен тен айтышып куйоонду тыйып алчы 5 жылдан бери жанымды койбой журот дейт. Суротун интернетке чыгырап уят кылып салсамбы деп ойлоп жатам.
Улуу эжелерден кенеш алайын деп ушул жакка жазып жатам, негатив керек эмес. Жон гана кандай кылсам туура болот кенеш берип коюнуздарчы.


Отправить комментарий