Мурдагы куйоомду коруп жолдон эмнегедир боорум ачып кучактагым келет, алдында жатып...
Саламатсызбы башымдан өткөн нерсе менен бөлүшкүм келди.
1 Жарым жыл мурун сүйүшүп турмушка чыккам, күйөөм, сүйөм өлөм деп жүрүп алган. Экөөбүз баш кошуп бактылуу 5 ай жашадык, бир күнү кайненемдер баардыгыбыз отурсак экинчи аял алам азыр үйгө алып келем деп мени кыштын күнү каарда үйдөн кууп чыкты. Эмне кылышымды билбей каарда кийимдерим менен кете бердим, андай кийин 4 күндөн кийин үйлөнүу деп уктум. Мен сага ыразымын кечир мени деген акыркы сөзү болду, ал күндөрдө кыйналганымды кудайдан жана менден башка эч ким билбейт. Же тамак өтпөй же суу өтпөй өтө кыйналгам жанымда жакыным жок чет өлкөдө болчук. Арадан 1 жарым жыл өтүп жакында эле көрүп калдым жолдон бир нече жолу көрсөм эмнегедир боорум ачып кучактагым келет. Ал мени караап унчукпай эле тиктеп кала берди. Көзүндө ушунчалык бир кайгы бардай, мурдагыдай эмес, жүдөп калыптыр көрүп ыйлагым келип боорум ачыйт. Кайра анын кылыгын эстесем боору ачыбай эле мени кууп чыккан го дейм, Бирок баары бир биринчи күйөөн жүрөктө калат экен. Азыр Кудайга шүгүр иштейм өзүмдү карап түз жүрөм, ажырашканымдан бери бирөө менен мамиле курууга көнүлүм да жок. Өзүм үчүн чоң сабак алдым, жакын адамын бир башка кызды деп аялынан кечкен адам экенинди кеч билдим. Эми мен сага бактылуулук да каалабайм, бактысыз да бол дебейм… .


Отправить комментарий