кайынсиндим

Ата-энем тийбе десе тийип алгам, эми болсо кетким келип башкага....



 Күйөөмдү аябай жакшы көрчүмүн.

Үйлөнгөндө той да бердирген жокмун аяп,калың да бердирген жокмун.Бар эле,кадыр-барктуу жердин кызымын.Ата-энем бир аз капа болушуп,бирок сен бактылуу болсоң болду деп батасын берип узатышты.Жоок,көрсө мындай болбойт экен.Канча аяп,көңүлүнө караган сайын ошончо басынтат экен.Үйлөнгөндөле башка аялдар менен сүйлөшүп баштады.Кой,токтот дедим болгон жок.Интернеттен жп ларды издептир.Ортодо уруш чыга баштады.Акыры кетип калдым.Азыр жакшы жумушта иштейм,үстүмдө үйүм,астымда машинам бар,Кудайга шүгүр.Тел.номеримди алмаштыргам,ажырашкандан бери мен тарап аларга чалып да,жолугуп да сүйлөшүшкөн жок.Сенин жашооңо аралашпайбыз дешти.Сен кандай чечсең биз макулбуз дешип.Антпесе,ага-инилерим аябай ачууланышты,жолугуп айтчу сөзүбүздү айтабыз дешип.Токтоттум баарын.Не айткым келди,кыздар ата-эненер тандап берген адамга каада-салты менен тийгиле.Ата-эне эч качан жамандык каалабайт кызына.Калыңы жок болсо да,каадасыжок кыз болбойт деген туура экен.Ата-эненердин колунан.

узатылгыла.Менин жашоом бузулду,ишенчектигимден,ак көңүлдүгүмдөн,боорукерлигимден.Силер менин катамды кайталабагыла.Эркек жылуу сүйлөп койсо эле алданып,турмушка чыгып албагыла.Ата-эненер тааныган,жакшы үлгүлүү үй-бүлөнүн баласына турмушка чыккыла.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?