аркасынан

Мен 35 жаштамын кыйлага чыгып калдым, куйоомдон болок таап алгым келет...



 Саламатсыздарбы чыгарып бересиздерби эже синдилерден кенеш күтөм. 

Мен 35 жаштамын кыйлага чыгып калдым бирок баарибир аял киши жолдошуң менен сүйлөшүп сырдашып анча мынча бири бирине убакыт бөлгүн келет экен. Менин жолдошум 3балам бар үй тиричилик бардыгы Кудайыма шүгүр. Жолдошум өзү жакшы боорукер бардык нерседен балдарымды камсыз кылат. Бирок такыр сүйлөбөйт иштен келип телефон чукуган бойдон бир сүйлөбөй деле уктап кала берет кээде. Жүрөгүм сыгылып кетет аялга акча байлык керек эмес экен мээрим керек экен бүт нерсен жетиштүү болуп турса да жолдошун көнүл бурбаса башкасы маанилүү эмес экен. Кетип калсамбы десем балдарым бар өзүмө караган эле аялмын иштеген жумушум да бар. Кээде жолдошум менен бир да сүйлөшбөй жүрө берип бирөөнү таап алсамбы деген да жаман ойлор келип кетет. Бирок Аллах алдында жаман иш кылгым келбейт ээ жашоо анан өзүмү алаксытып жүрө берем. Ээ мейличи эми болгону ушул болсо не кылсын деп. Ар нерсе кылып көрдүм өзгөрсүн деп эч өзгөрбөдү 13 жылдан бери ушул сезим менен жашап келем .

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?