17 Жашымда турмушка чыгып 4 торосом эми куйоом кайра таштап кетти, тааныш байке...
Турмушка аябай эрте чыккам.
Болгондо да 17 жашымда күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп ансыз жашоом жоктой сезилгенде каршы болгондорго карабай турмушка чыгып кеткем. алгачкы беш жылыбыз жакшы болду. Бактылуу жашадык. Бул учурда төрт балалуу болдук. Балдарымдын ортолору бир жаштан. Апам байкуш экөөну карап багып берип жүрду. Кийин каруум кетип калды деп өзүмө берди.Ушул жылдары тынымсыз иштедим. Балдарымды кээде жумушу жок калганда күйөөм карап жүрдү. Ошентип төртүнчү баламды төрөгөндөн кийин денем жайылып кетти. Күйөөм болсо үйгө түнөбөй баштады. Төрт бала менен кантип күндүн батканын тандын атканын билбей калдып жаттым. Күндөрдүн бир күнүндө күйөөм башканы сүйүп калганын айтып чыгып кетти. төрт бала менен кантип оокат кылат элем деп артынан таап бардым. Сүйүп калган аял өзүн тыкан караган менден жаш көрүнгөн сулуу неме экен. Күйөөм сөзгө келгиси келбей басып кетти. Ал эми аялы болсо мага чай алып берип сүйлөшүүнү чечти. Анын айтуусунда менин жүдөгөн кейпим, бетимдеги бырыштар, чачымдын таралбаганы аны жийиркентиптир. Аял чыныгы аял менен жашагысы келген экен. Мени сөзгө тарткан аял менден беш жаш улуу экен. Күйөөм төрт бала менен жаштыгымды өткөргөн мени эмес, атыр жыттанган сулуу аялды тандап кетти.


Отправить комментарий