Мен бойдок бойдокчулук кезде бир жигит менен сүйлөшүп жүрчүмун
4 Жыл сүйлөштүм бири бирибизди жакшы көрчүбүз озумдан эмне чыкса ошону аткарчу. Аябай бактылуу элек Мен студент болуп шаарга бардым күндө окуу жайга гүл шокалат менен барып тосуп алчу кыскасы бактылуу элек ал үйгө үйдөгүлөр жөнөтсө апам атама айтпай эле өзү менен тең балага бербейбиз деп кетирип жибериптир атам Москвада болчу. Ага карабай сүйлөшүп жүрдүк. Ал Москвага кетти кийин тарыныша кетип бир топ сүйлөшпөй жүрдүк. Ошол убактарда окууну бүтүп айылга мектепте иштеп баштагам. Только иш иш болуп калды. Акемин тоюн өткөрдүк. Кайненем тайнемдин бир тууган сиңдиси болот ал да келдиКызмат кылып жүрсөм Мен тууралуу сурап калды кыскача айтып чыгып кеттим кийин атам менен сүйлөшүптүр. Эжем чалып бир бала бар сүйлөшүп көр деп айтты макул деп дайымкыдай жакпады деп коём деген ниет менен сүйлөштүм чалганда алып суроо берсе жооп берип койчумун. Бир күнү иште отурсам чалып размерими сурап калды түшүнгөн жокмун билбейм деп өчүрүп койдум. Ишим бүтүп үйгө барсам анын ата энеси келиптир сөйкө салганы. Эң өкүнүчтүүсү ошол күнү жакшы көргөн инсаным мени кечирип койчу сенсиз жашай албайт экенмин деп чалып калды акыркы сөзүм мени кечир бактылуу бол деген сөзүм болду бирок аны кантип айтканымды билбейм.😭😭😭 Ата энеме тийбейм десем улуу башын кичик кылып келиптир деп мени укпай коюшту ошентип той болду. Тойдун эртеси дегендей экөөбүз тең ата энелерибиздин каалоосу менен эле баш кошкон экенбиз айласыздан жашай баштадык анын менде менин анда көңүлүм жок эле. Төркүнүмө барсам бир туугандар тайнеңдер жүз көрүшпөй калбасын Биздин жүзүбүздү жер каратпа деп көп айтчу.Айласыздан жашап Калдык уулдуу болдук палибом көңүлүбүз жок. Жада калса баласын да ойнотпойт эч нерсе алып бербейт ашып кетсе 5минута убакыт бөлөт көңүлү жок иштен келет телефон чукуйт намаз окуйт уктайт болду Үйдө жей турган нерсе барбы жокпу иши жок. Тааныбай туруп сүйбөй туруп тийбегиле мага окшоп бактысыз болуп каласыздар. Менин башымдан өткөндү душманыма да ыраа көрбөйм. Көп нерсени ата энем берет небересине кийим тамак жей турган нерсени. Азыр бала менен үйдө үйдөмүн менин бардыгым жоктугум да ал үчүн маанилүү эмес.


Отправить комментарий