Сен төркүнүнө барып келгенден кийин боюнда болдун дейт, бироого берип келдин деп....
Саламатсызбы Админ мени да чыгарып беринчи жашым 30 да.
Турмушка чыккам бир кызым бар. Менин проблемам күйөөм болуп жатат. Боюмда бар экенин уккандан бери менден эмес сен төркүнүнө барып келгенден кийин бир жума өтүп боюмда болду дедин. Значит менден эмес сен бирөөгө жолугуп келгенсиң дейт. Ата-энемдин үйүндө бирөөгө жолуккудай мен жиндии эмесминго. Колумда кичине кызым болсо. Күйөөм болсо, сени текшертем дейт оооба текшерт өзүн жаман жүрсөң мени да ошентип ойлосунбу деп экоообуз өллө уруштук. Өз ызаттын менен үйүңө кет болбосо иттей кор болуп өтөсүң менин үйүмдө дейт. Ата апама айттам көчөдөн артырды деп анан кантип кетпей жашаганынды көрөм дейт. Мейли ушунчалык сага жакпасам кетем үй алып берип кой десем кызды ташта ичиндеги бала керек эмес сендагы керек эмессин дейт. ӨЗҮ өзгөрүп калды эле иштеген адам, үйгө келбей коёт. Кээде уктап аткан жеринен бирөө званок кылса туруп эле кетип калат түнкү 3 төрдө келет. Катындар менен өллө сүйлөшөт. Мен азыр эмне кылышты билбей жаттам Сотко берсем болобу? Жалынып жашабаймда туурабы кет деп аткандан кийин. Курук доомат кылып жатат сенден көңүлүм калды дейт жашабайм сенден сулууу аялдар менен жашаганга укугум жокпу дейт. Ушунча сөздү угуп жалынып жашагым келбейт. Кимге арыз жазып ЗАГСты кырктырып алайын деп жаттам. Кандай кенеш бересинер жүрөгүмдү аябай ооорутту көөп нерселерди айтып.


Отправить комментарий