Баары атам сапарга кеткенде башталат
Салам.Мен 17 жаштамын, быйыл мектепти бүтөм. Силерге көптөн бери ичимде катып жүргөн сырымды айтып берип, кеңеш алгым келди.Үйдүн кичүүсүмүн. Улуу байкем үйлөнгөндөн кийин өзүнчө бөлүнүп кеткен. Эжем Россияда иштейт. Аларга канча жолу айтайын дедим, бирок батына албай койдум.
Атам айдоочу, айылдан шаарга элдерди ташыйт. Апам үйүбүздүн алдындагы дүкөндү иштетет. Баары атам сапарга кеткенде башталат…
Үйдөн бир кишинин үнү угулат
Акыркы күндөрү апамдын колунан телефону түшпөй калган. Дүкөнгө кирип алып, эки-үч саат бирөө менен сүйлөшүп отура берет. Башында курбусу го деп анчейин деле маани берчү эмесмин. Бирок, андай эмес экен.
Ал күнү эжейибиздин сиңдиси каза болуп, бизди сабактан эрте бошотту. Классташтарым, «жүргүлө сейилдеп келебиз»,-деп тоого кетишти. А мен үйгө жөнөдүм.
Дүкөндөн кирип кетейин деп эшигин тартсам бек экен, дарбазаны тыкылдатсам эч ким чыкпайт. Апам дагы эле уктап жатабы деп короодон ашып түштүм.
Үйдөн бир кишинин үнү угулат. Атам келип калганго деп терезени карасам, апам бир бейтааныш адам менен чай ичип отуруптур. Ачуум менен кирип барсам, экөө алайып туруп калды. Апам акактанып, классташы экенин айтты. Тигиси шашып-бушуп сыртка чыгып кетти. Унчуккан жокмун.
Апам бирөөгө сүйүүсүн билдирип жатыптыр
Эртеси атам келди, апам өзгөрө түштү: атамдын көңүлүн алып, тамагын берип, акыбалын сурап.
Дааратканага баратсам, апам тамдын аркасында телефон менен сүйлөшүп жатыптыр. Акырын тыңшасам, бирөөгө сүйүүсүн билдирип, «эки-үч күндөн кийин шаарга товарга барам, ошондо жолугалы», -деди.
Ошол күндөн бери уйкум качты. Атама боорум ооруйт. Ага айтсам, апамды жөн койбойт, айылга шерменде болобуз. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңизчи.


Отправить комментарий