Саламатсызбы, мага дагы кенеш керек, чыгарып береспи сураныч?
Жашым 26да 3балам бар, турмушка чыкканыман бери иштебей үйдө отуруп, Эми иштеп баштадым. 7-8ай болду бул арада эптеп күйөөмдөн бекитип жүрүп 250миң сом топтоп койдум. Күйөөмө деле акча берем, үйгө продукта алып келем, баарын кылам. Үйдө 2 кайнежем ажырашып келип, балдары менен жашайт биз менен. Күйөөм болсо 1 күн иштесе 10 күн бекерчи. Алдыга койгон максаты жок. 1000сом тапса эле ичип алат. Өллө жалган сүйлөйт, тапкан акчасын дагы бербейт өзү бекитип бирөөлөр менен ичип алат тапканына. Анан үйгө продукта, акча керек болгондо эле менден сурайт. Күйөөмө деле ишенбейм, 1 күн ажырашып эле кетким келет. Кайненем болсо бул үйдө кыздарымындын дагы акысы бар, ушул үйдө жашайт кетишпейт дейт. Же кыздары аракет кылып иштеп үй-жай кылайлы дешпейт. Тапканын жеп ичип, кийинип, ойноп жүрө беришет. Баардыгы ушундай окшошгондор. Эми мен 250сомду апама берип бекитип отурабыз. Апам машина алып ал деп атат бирок машина алсам күйөөм ичип алып, минип ар жерди сүзүп олтурот, бербейм менин машинам десем уруш чыгарат. Кайнежелерим дагы кайнатамдын машинасын минип, сүзүп, ремонт кылып жүрө беришет. Мен машина алсам минип бир жерге барып келейин деп тажатабы дейм. Азыр деле бир жерге барса шакегини берип тур тагып барып келейин. Цепочканды берип тур дей беришет. Берсем же сразу кайтарып бербейт сурасам ий унутуп калыпмын мэ деп чечип берет. Эми ошол 250сомду банкка салып көбөйтсө болобу? Же не кылсам болот, балдарымдын келечеги үчүн. Күйөөм балдарын келечегин деле ойлобойт.

Отправить комментарий