Кызга эрте эле баарын акырын түшүндүрүп кулагына куюп туруу керек экен жана сырдаш кылып алышса.
Кызыңыздарды жакшы караңыздар, эжелер жана апалар!!!😊 Саламатсызбы, эжеке. Менин жазганымды чыгарып берип коюнузчу сураныч. Мен да эч кимге айта албай турган сырым бар эле. Апама абдан капамын мени жакшы карабаганы учун, эстеп кетсем башкача болуп кетем. Кичинекей кезимде 1-классымдабы же 2-3 классымдабы так эсимде жок, ошол кездери мени ойнотуп эле жүрүшчү. Жаш балдар экен элек ошол кездери. Менден бир жаш улуу, үч жаш улуу балдар зордуктап коюшкан эле. Так эсимде жок да. Кичинекей элек ойноп күлүп эле ошону кылып коюшат эле. Анда мен таптакыр эч нерсе түшүнбөгөн эле кыз элем. Азыр эстеп кыздыгым алынып кеттиби же жокбу билбейм.Андан бери көп убакыт өттү жана 14 жашымдабы месячныйым келген. Билбейм, эстесем өтө кыйналып кетем жана апама абдан капа болуп кетем. Кичинекей деп балдарга кошуп деле коё берчү. Каттуу кармаган да эмес. Апам айылчылап жүргөндө ошентишкен. Апам да жаш келин эле карабайт эле анча деле. Төрөлгөнүмө өкүнүп кетем кээде. Апама айта да алган эмес элем себеби кичинекей кыз экен элем. Коркконумданбы же.Эч нерсе түшүнүгүм жок оюнга тойбогон кыз элем. Кызга эрте эле баарын акырын түшүндүрүп кулагына куюп туруу керек экен жана сырдаш кылып алышса. Кызыңыздарды жакшы караңыздар!


Отправить комментарий