Саламатсыздарбы эжем экөөбүз бир айылга турмушка чыкканбыз.
Мен кайнене кайнатанын колундамын, эжем бөлүнүп жашашат. Сөз эжем жөнүндө аябай бош, жүдөө. Үйү жыйналбайт же балдары каралбайт мен барып жыйнап берем айына 2,3 жолу чоң уборка кылып. Тазалап кетсем деле кайра эле ошол абал. Жыйналайын дебейт, 5 баласы бар аларды деле тыңгылыктуу карабайт кыздарынын башы биттеп кетет🥺. Баарынан да бир айыл болгондон кийин аящтардан тааныштардан эжем жөнүндө ушак кеп угуп уялат экенсиң. Мен коп бара албайм кичине келинмин. Кече кайнежеси кайынсиндиси , кайнагасы келип чоң уруш кылышыптыр мени чакырышкандаг атайын барбай койдум барып эмне дейм, эжемдин өзүндө болуп атса. Ырас эле кылыптыр деп отурам. Эмне кылышымды билбей калдым жакыныраак жашайбыз көңүл бурбай коёюн десең бир тууганың экен. Менин келгениме 4 жыл болду. Күйөөм да айтат эжен деп уялам аябай. Эмнеге мындай бош болуп калды? Чай ичкен идиштерди бир жумалык кылып жууйт элестеткиле айтсаң сен мени басынтып атасын дейт. Апам тын адам, эжем эмнеге мындай билбейм. Кеңеш бериңизчи эмне кылмак элеңер менин ордумда болсоңор?


Отправить комментарий