Саламатсызбы! Аноним чыгарып бериңизчи, ичимдегини айтып бир жеңилдеп алайын.
Турмушка чыккам, экинчимди кесарево жолу менен төрөп азыркы учурда төркүнүмдө элем. Күйөөм чет жакка иштегени кеткен. Атам апам бир туугандарым бар. Өз апам каза болгондон кийин атам башка аялга үйлөнгөн. Үйлөнө электе төркүнүмө бат баттан келип үйдү актап сырдап тазалап кетчү элем. 1ай, 1,5ай жүрүп калчумун кээде, кайненем түшүнүү менен мамиле кылчу. Эми жаңы төрөп тыңып алып кетейин деп келген элем. Анын үстүнө күйөөм чет жакта жүрсө кайненем шашпай эле жүрө тур, өзүбүз барып алып кетебиз деген. Анан атамдын эжеси кайненеме чалып урушуптур силерге небере кереги жокпу, келиниңерди алып кетпейсиңерби деп, өгөй апама да эрге тийдиби жашасын деп көрүнгөн сөздү сүйлөптүр как будто мен жашабайм деп аткансып. Атам аял ала электе ушул үйдүн ирик чиригин артып канча жүрсөм да эч ким ай кой күйөөгө тийдиң үйүңө бар деп эч ким айтчу эмес эле, эми эшеги ылайдан өткөндөн кийин менин керегим жок болуп калыптыр.Ооба төрөлүп чоңойгон үйүм, жасагандарымды милдет кылбайм бирок атамдын эжесинин мага ушундай мамиле кылганына эч түшүнө албай турам, ал айтпаса деле кетмекмин, жол алыс 2 бала менен кантип жетем, кайненемдер машина менен келип алып кетишмек. Рахмат админ, кеңеш деле керек эмес жөн гана сиздер менен бөлүшүп, жеңилдеп алгым келди.


Отправить комментарий