Саламатсыздарбы админ менин постумду чыгарып берип коёсузбу.
Мен 23 жаштамын турмушка чыкканыма 5 ай болду сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп эле тийгем азыр 3 айлык боюмда бар. Күйөөм үйлөнгөнүбүздөн 1 жумадан кийин эле кол көтөрүп баштады. Азыр да боюнда бар деп такыр түшүнбөйт, аябайт дагы эсим ооп калганча эле сабачу болду. Бирок күйөөмдү аябай сүйөм. Уруп алып кайра кечирим сурап жалдырап отуруп алат, экинчи кол көтөрбөйм деп кайра эле кайталанат. Үй ичинде кылган жумуштарыма киришип көп жолу ошодон уруштук. Ичимдеги баламдан корком аман эсен төрөлсө экен деп. Зыяны канчалык көп билгендер айтып койгулачы. Үйүмө кетем деп көп жолу аракет кылдым, бирок кете албайм. Билбейм биздин канчалык келечегибиз бар бирок корком башыма көп урат 3 күн жатып калам башымды көтөрө албай. Тез эле оорукчан болуп калсамчы. Кеңешиңиздерди бериңиздерчи эжелер. Аноним

Отправить комментарий