Мен бүгүн жүрөгүмдөгү сыгып келе жаткан окуямды айткым келет.
Турмушка чыккам,периштедей эки кызым, эң сонун жолдошум бар, кудайга шүгүр❤️Айтайын дегеним, кичинемде апамдын агасы каза болуп калып,аялы кетип калып,анын балдарын бир туугандары багып алышкан.Апамдар бир баласын алышкан 4-классында. Кийин ал 8-9класс окуп калганда мен 6-7 жаштарда болсом керек, түндөсү жаныма келип жатып алат эле, мүчөсүн көрсөтөт болчу,ыйлайт элем,бир жолу түндө ойгонсом аркамда жатыптыр жылаңач, көп жолу кайталаныптыр,эмнеге апама айткан жокмун таптакыр эстей албайм🥲Кийин мектепти бүтүп шаарга кетип эле жок болуп кеткен таптакыр,кийин угушум боюнча жашы жете элек кыз менен жашап алып камалып чыгып,ал кызга үйлөнүптүр.Азыр апамдар катташат алар менен.Кээде көрүп калам,ушунчалык жек көрөм аны! 21 жашымда турмушка чыктым, биринчи жолу сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыктым.Нике түндө кан чыккан жок((Күйөөмө дагы айта алган жокмун, билбейм дедим, гинекологго көрүнүп келели десем,
"сага ишенем жаным,сенин биринчиң экенимди билем",-деди. Мен кыздыгым бар деп эле ойлоп жүргөм. Студент кезде гинекологдор келип текшеришет эле,эч нерсе айтышкан эмес болчу. Атайын барып дагы текшерилип көргөн эмесмин. Бирок, күйөөм ушуга чейин бир дагы сөз кылбайт, аябай сыйлайт мени, эки кыздуу болдук. Эч нерседен кем эмеспиз, шүгүр. Бирок, күйөөм менен жатканда аябай кыйналам,рахат ала албайм.Бүт денем ооруп,тырышып калам,аны билгизбейм таптакыр, төшөктө жасалмамын. Чынында аябай кыйналып кеттим, ошол кезде травма алып калган окшойм деп ойлой берем... Бул жөнүндө эч кимге айткан эмесмин, ушул жакка анонимно жазгым келди. Психологдорго дагы кайрыла албадым... Апаларга кеңешим,чоңоюп калган туугандарыңардын балдарынын жанына кыздарыңарды эч качан таштабагыла, чоңоюп калган балдарды багып албагыла!
Отправить комментарий