Саламатсыздарбы. Кичуу келинмин.
Жолдошумдун артынан кызымды апама таштап москвагв келе бергем. Боюмда бар 15нед. күйөөм аябай сүйүндү 30дан ашып үйлөнгөн. Кайненеме айтсам урушту "неге эрте болду, мен сага сактан дегенмин, кызын али кичине, бир баланы араң чонойтуп атасын экөө менен иш кыла албайсын, менин кызматым кылбайсын" деп. Кошуналарга мени уят кылып Москвада жүрөсүңөр дейт. Андай дебеңиз өз неберенизго, Аллах берсе не кылайын, кызым жакында 2ге чыгат төрөгөчө 3кө жакындап калат десем кайра урушуп. Анда жыл сайын 1ди төрө сен кеч калыпсын кийинкисин 3 айдан кийин болтур дейт. Аябай стресс болдум ошондон бери энем менен сүйлөшпөйм көңүлүм калды. Кызымды сагынып аран жүрөм өзү Кр.га кетсек күйөөм мени таштап кайра келет Москвага. Ал жакта 5 ай авсындардын балдарын карап жалгыз жүрдүм өзүмдүкү менен 9 жаш бала. Күйөөм жок кыйналыып кеткем кайната кайнененин колунда ещё энемден ачуу сөздөрдү угуп ошого калгым келбейт кр.да. Азыр күйөөмдү урушуп атат келгиле үйдө отургула. Мен баргым жок ал үйгө. Кантип күйөөмдү көндүрсөм?


Отправить комментарий