Саламатсызбы, менин катымды да чыгарып беринчи.
Мен өзүмүн коңшу айылыма турмушка чыккам. Жашаганыма 6 жыл болду. Турмушка чыккандан кийин ата - энемден удаа удаа ажырап калдым. Апам оорудан көз жумду, атам Москва шаарынан жүрөгү кармап каза болуп келди.
Үйдө 3 бир тууганбыз эң улуусу болом, жашым 27де. Барган күндөн баштап кайненем жакшы күн көрсөтпөдү, канча жүрөктү ооруткан сөздөрдү айтты, акыркы күндөрү өзүмү кармай албай мен да жооп кайтарып баштадым. Сүйлөсөм эле атырылып келип ура турган адаты пайда болду. Өзүм мектепте иштейм. Айлык алган сайын ар нерсе алып келип берип жаттым. 3балам бар шүгүр. Күйөөм деле чечкинсиз, апасынын тилине кирип урат, үйдөн кубалайт. Колунан не келет дегенсип ар нерсе кылышты. Акыры үйдө эч ким жокто 3 баламы алып келе бердим. Өзүм деле жашап кете алышыма көзүм жетет, балдарды бакчага берип иштей берем деп чечтим.Күйөөм жанды койбой жатат үйгө келесиң деп. Барсам деле баягы жашоо да, баргандан деле жүрөк заада болуп калдым. Акыркы күндөрү өзүмөн өзүм бук болуп сыгыла берем. Барып чыдап жашай берейин десем оорукчан болуп каламбы деп коркуп жатам. Не кылышты да билбей калдым, кеңеш бериңиздерчи

Отправить комментарий