Саламатсыздарбы урматтуу эжелер апалар мен сиздердин кенешиниздерди угайын деп жазып жатам .
Менин бир балам бар, 20да элемин. Акыркы убакыт күйөөм менен жашагым жок, эч жакка чыкпайм, кыскача айтканда үй кызматчы жана нянямын бир туугандарынын балдарын дагы карайм. Ушунчалык чарчадым өзүмдү өзүм дагы карабай калгам нервная болуп калдым . Төркүнүм көбү түбөлүк бул жакта жашап кетишиме көздөрү жетпейт, эч коркпо жанындабыз дейт. Ара жолдо турам, ажырашып кетсемби өзүм үчүн а бирок баламчы ал жагы дагы ойлондурат. Бул жашоомдогу бир эле көйгөй, жашоомдо башка көйгөйлөр дагы көп ,баары чарчатты тажатты чарчадым. Күйөөм же күйөөдөй эмес эч бир поддержка бербейт , болушпайт ыйлата берет . Эч жакка уруксаат бербейт барышыма үйдөн чыкпай отурушум керек только. Даже эсимде жок качан кийим алганы барганым качан жасанып бир жакка чыкканым. 20жашымда ушул даражага жеттим уланта берсем 40жашка жетемби ким билет . Эжемдер апам ажырашып кет жанынды кыйнаба дейт. Карачы кебетеңди аябай өзгөрүптүрсүң кызым кыйналбачы деп атат. Мамам мурун жаша жаша деп айтчы чыда чыда деп, азыр коркпо эмне болсода жанындамын деп калды. Ушунча кыйналдым же курбуларым менен сүйлөштүрбөйт. Эч ким менен сүйлөшпөйм бир туугандарга ичиндеги нерсени айта албайм же ата-энеге айта албайм. Же күйөөм түшүнбөйт сыгылдым бир түшүнгөн жан жок мени . Көп жазганыма кечирим сурайм. Кандай кеңеш бересиздер Рахмат чоон


Отправить комментарий