алакачуу

Менин көйгөйүм өзүмдө, чынында жүдөдүм. 2 балабыз бар күйөөм эрте менен...



 Кандайсыздаар урматтуу өзүнө тың болгон ханыша айымдар?

Сиздерден жакшы кеңеш сурайын дейм, урушсаныздар да мейли.

Менин көйгөйүм өзүмдө, чынында жүдөдүм. 2 балабыз бар күйөөм эрте менен жумушка барат кечинде келет. Кайненем балдарымды каралашат бирок анча эмес 2 мүнөт алат да кайра берип койот кичине балам аябай шок. Эки балалуу болуп эле аябай жүдөп какап кеттим. Үйдө көп деле тирилик жок. Кылган ишим балдарымды карайм кирди колго жууйм, тамак кылам, айылда турабыз огород тирилиги. Башка аялдар баары 4, 5 баласы менен сонун эле жүдөбөй тирилигин кылат, мен эле жүдөп жүрөм. Бирок өзүмө жакшы карайм кийимимди тез тез алмаштырып күндө эртең менен боёнуп анан киришем.

Жалкоосун деп жолдошум урушат, кайненем эч нерсе дебейт бирок намек менен жеткирет, кайненем жакшы айтып тилдеп урушпай, бирөөлөрдү мисал кылып айтат. Мен да таза тыкан болгонго аракет кылып жатам.

Мага поддержка бериңиздерчи!
Курстарга окудум өзүмдү онуктурдум, үйрөндүм, бирок айылга келип кайра чырагым өчүп калды!Кылган ишимдин дайыны жок эле чарчап калам
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?