Саламатсыздарбы айымдар.
Мен да уй булоом жонундо айтып, силерден кенеш алайын дегем.Турмушка чыкканыма 4 жыл болду, 3 жашар жана 1 жашар балам бар. Начальный класстын мугалимин бутком. Куйом экообуз 2-3 жолу корушуп эле баш кошконбуз, характери оор, кээде тушунуп болбойт. Эрге тийгенимден бери дагы катын алам 4 катын алам дегенден башканы билбейт. Тазамаксын боло берет, бирок озу тазалап озу бир нерсени жылдырып койбойт. Кызын аябай жакшы корот, баласын да эми кичине жакшы коруп карап калды. Тууган урук менен учурашып катташканды жаман корот, бир кундо 2-3 жолу жуунуп, 1-2 жолу носки алмаштырат, көп тердейт.
Атасы- апасы жакшы эле кичуу келинмин. Кээде урушуп калабыз болор болбос нерсеге. Руксатсыз эч жака чыгарбайт, өзүн өтө акылдуу сезет.
Колунан баардык иш келет, билбейм колумдан бардыгы келет дей берет.
Үй жаш, машина баары жакшы бирок ошентсе да кээде мамин сынокко окшоп кетет. Мен бир нерсе айтсам суйлосом акылың жетпейт жөн отур дейт 😏.Мугалим болуп иштейин, онлайн телефон аркылуу иштесем болобу, арендага алып кийим дүкөн ачпайлывы, швеяда кийинчерээк иштесем болобу деп сурасам таптакыр конбойт.
Озумдун Ата уйумо уруш жанжал менен барып келем, бир жака кетсе чалып жазып койбойт. Кээде суйом куйом деп тамашалап тийишип турат.
Акча да бербейт не керек озум алып келип берем дейт. Качан катын алып берсең жакшы жашайсын, кенен журосун, озун каалаган жумушта иштейсин дейт. Бойу 170 кыздарга кызыгат, менин бойум 160 да. Үйдө мени карап, окат кылып катындык кызмат кылбасаң, күндөш алып берсең иштейсин да дейт.
Кээде жиним келип урушуп кеткенде үйгө кетейин деп, кой ажырашып кетпейин деп корком балдарды жетим калтырыштан.Ажырашкан аялды эч ким жакшы дебейт, эки аял алып жашагандар баргоо мен да күндөш алсамбы деп ойлоп анан күйөмдү кызганып кетем. Ажырашып кайда барам, кайда иштейм, балдарды кантип багам, мени ким алат, куйоосу жок депрессия боломбу деп ойлонуп, андан коро тынч эле кундош алсам да балдарым атасы менен мен да куйом менен кайн Ата кайн эне менен, кенен иштеп эле жүрө берсемби?
18-24 жашка чейинки кыз келиндер болотго, жигитине алданып калган. Же үй жайы жок кыйналган ошолордон таап берсемби эмне болсо да акыл эстүү көптү көргөн кыз болуш керек да .
Мен да ачык көңүлмүн, колумдан бардык нерсе келет, тобокелчи аялмын. Аноним


Отправить комментарий