Саламатсыздарбы.
Мен азыр ролдордо толготуп толгоом кучобой жатам 2 күндөн бери эртең менен вызывающий саябыз түндө төрөбөсөң деп жатышат. 2 балам бар бул буйурса 3-балам болот. Кайненем боюмда 5 ай болгондо сен төрөп аласың балаңды эжеңе бер дегенде жок бербейм эч качан деп айткам. Кайнежемдин 1 кыз 1 уулу бар кызын төрөгөндө маткасын алдырганга туура келиптир. Анан мен бул жакта өзүм араң жатсам тигил жакта кайненем төрөлө элек баламдын тагдырын чечип коюптур. Бүгүн эжем келиптир балдарын ээрчитип анан кызы тайнем ляляны силерге берет үйүңөрдү даярдагыла деп апама айтты деп атпайбы апасы туалетке кеткенде. Блин ушул кантип болсун?! Күйөөмө чалып айтсам ал мага апам айткан мен сени билет дегем бербейбиз деп дегем дейт. Жаман жиним келип атат чыкпаган тилимди чыгарганы турушат ушулар. Кандай кылсам? Аман эсен төрөп алсын дебей эле ушул кылганы туурабы? Кайненем данкылдаган чоң сүйлөгөн аял ал берип деле коюшу мүмкүн өзү төрөгөндөй эле😏. Жаман нерв болтам. Силер эмне кылмак элеңер менин ордумда болсоңор? Менин берейин деген оюм жок бербейм дагы, просто мен үчүн чечим чыгарып койгонуна жиним келип атат! Кантип берейин өз канымдан төрөлгөн баламды🤦♀️ ушуга чейин бир да үн чыгарган эмесмин кайын журтума ошого башыма чыгып алды окшойт


Отправить комментарий