Салам эжелер сиздерден кенеш сурайын дедим эле.
Менин көйгөйүм төркүнүм. Турмушка чыкканыма Алты жыл болду бирок эй эле төркүндөн бөлүнө албай койдум. Кечкээ эле ошолорду ойлой берем тапкан акчаларымды да бере берем. Же алар болду уже бөлөк семьясын өзүңөргө аракет кылгыла дешпейт. Баары иштешет кудайга шүгүр эле. Бирок чалсан эле анан биз бечара аныбыз жок бул жок продукты жок кийимибий жок деп эле бечара боло беришет. Мен күйөөмөн бекитип ошончо акча берип келе жатам. Ошол нерсеге көнүп алышкан. Эми колунда жок болсо да түшүнмөкмүн. Элдин кыздары төркүнүнө келип ар нерсе алып кетишет экен Мен кайра берип кетем. Жок болсо ар кимден карыз алып болсо да берип кетем. Уже чарчап калдым. Азыр шүгүр ишим жүрүшүп жакшы таап жатам. Күйөөмөн акча бекитип топтоюн деген элем а то баары иштетилип кетип жатат. Эми топтоп баштаганымда апамдар бир проблемасын айтып чалат чыдабай салып жиберем. Чынында өмүр ушинтип өтүп кетемби деп кээде ойлоном. Аке укаларим бар баары иштешет. Бирок ошолорда менден сурашат колум ачык ошол нерсеге көнүп алышты окшойт. Мынтип жүрө берсем күйөөмө жардам бербей эле аркага тартып жатамбы деп корком. Себеби акчабыздын берекеси болбой жатат. Эми кылсам. Кенеш күтөм.


Отправить комментарий