алакачуу

Ачуум менен жанына барсам, бир кыздын инстаграмын сурап жатыптыр. Жулкулдатып столго...



 Балээнин баары тойдон башталат

Сырттан караган адамга бактылуу үй-бүлө болуп көрүнүшүбүз мүмкүн. Ооба, мотурайган үч баланын ата-энесибиз, сүйүшүп баш кошконбуз, турмушубуз жаман эмес.
Биздин үйдө уруш болбосун десек, анда жолдошум экөөбүз карым-катыштан чыгып, той-топурга барбашыбыз керек. Балээнин баары ошол жактан башталат.
Ресторандын босогосун аттаганда эле жолдошумду жин урат. Үйдөгү камкор күйөөм мени унутуп, көздөрү ойноктоп, келген конокторду карай баштайт. Эмнени издеп жатканын жакшы билем.
Кечээ бир досу үйлөнүп, тоюна чакырды. Баргым келген жок. Бирок, жалгыз жиберип койсом, ал келгиче ар нерсени ойлой берип акылыман тайып калаарымды жакшы билем.
Балдарды сиңдиме таштадым. Салонго барып, башыман бутума чейин жасандым. Фигурама төп келген көйнөк кийдим. Буркуратып атыр себиндим. Күйөөм мени алып кеткени келгенде тааныбай калганын айтты. Ээрчишип жөнөдүк. Баса, мен 26, күйөөм 30да.
Жолдошумдун жумушуна байланыштуу бир аз кечигип калдык. Барсак, коноктор бийлеп жатышыптыр. Күйөөм дароо аларга аралашып кетти.
Дасторконго барып отуруп, көз салып турдум. Күйөөм келиндин курбу кыздарына шампан куюп берди, бирөөсүнүн көйнөгүн түздөдү, экинчисин жай бийге тартты, антракт учурунда каткырып ошол кыздар менен “флиртовать” этип турду. Ар дайым ушундай!
Ачуум менен жанына барсам, бир кыздын инстаграмын сурап жатыптыр. Жулкулдатып столго алып келип тамагыңды ич дедим. Ой тобоо, эч нерсе болбогондой тамак ичип отурду.
Бул эмне кылганың десем, “эмнеси бар экен, жаман иш кылган жокмун” деген жообу таң калтырат.
Кадимки күндөрдө нормалдуу эле жүрөт. Мыкты ата, камкор күйөө дегендей. Жаш кыздарга маани бербейт, алар тарапты карап да койбойт.
Ажырашкым келбейт, бирок бул кылыгынан абдан чарчадым. Эмне кылсам болот?
Отправить комментарий

3 Комментарии

  1. Анонимный18.7.23

    Сабр кылып жашаш керек биринчи барыбир биринчи кенешим сабр кылсан озуно тартып сексуалдык жактан озуно тарт башкага чтобы карабасын мен мисал эркекминго ажыраштын башкасына турмушка чыктын кыйратат беле жакшылыгындан ажыраштынбы деп айтмак бул сайты коптон бери оокуп келем Арман айтып жазгандар ото коп

    ОтветитьУдалить
  2. Анонимный18.7.23

    Анда Турган эмне бар экен Байкуш Эркек Чогу суротко тушуп калса Инстаграмдан Тиги Кызга жонотоюн десе Керекда ошого Заранее сурап койгон😃😃😂😂😂😂😂

    ОтветитьУдалить
  3. Анонимный21.7.23

    Туну котогун каатуу сооруп бер

    ОтветитьУдалить
Скачать?