Мен өзүм Нарындан болом жашым 17 менин көйгөйүм атам
Мен атамды жакшы көрөм аябай бул жакка жазууну деле каалаган эмесмин бирок кенешиниздерге муктажмын
Үйдө 6 бир тууганмын уулусу мен атам мени көп урат синдилериме колун дагы тийгизбейт жакшы көрөт бирок мени эмес эң биринчи жолу 5 жашымда мектептен жаман баа алганым үчүн урган ошондон бери уланып келе жатат үйдү чала жыйнап койсом деле ура берет, (апам болуша албайт апамды түшүнөм себеби апамды алгандан бери апамдын денеси көктөн арылган жок ала аралаша албайт ажыраша да албайм ата-энесин ойлойт уятты бийик кармайт) кичинекейимден уруш угуп чоңойгонум аз келгенсип классташтарыма дагы кошула албадым ар дайым мени басынтып келишет ар кандай аттарды коюп атама барып даттангым келет бирок корком азыр окууга тапшырдым өттүм бюджетке шүгүрБирок менде азыр дагы коркуу сезиминен арыла албай жүрөм туруп туруп себеп жок көз жаштар мен бактылуу боло аламбы деген ой тынчтык бербейт
Атамдын эң көп айткан сөзү"сен жок биздин үй тынч" мага аябай каттуу тийет акыркы күндөрү бир аз бир нерсе болсо эле ыйлап калам бирок атам ал үчүн дагы урат
Ушунчалык тажап кеттим ар дайым атам жумуштан келе жатканда коркуп турам неге синдилериме инилериме андай мамиле кылбайт мага эле ошондой мамиле кылат деп ыйлай берем
Намаз окуйм жоолук салынам бирок коркууну кетире албай жүрөм


Отправить комментарий