19-20 Жыл мурун мен сүйүү деген кыз-жигит ортосунда гана болот деп түшүнчүмүн.
Чоң кишилер ошол жаштыгындагы сүйүү менен өмүрүнүн аягына чейин "хээпи энд" болуп жашай берет дечүмүн.)) Аңкоолугумдун белгиси да. Мен да баш айланткан сүйүү даамын таттым. Студент болуп жүргөн кезде бир жигит менен сүйлөштүм, ата-энемдин каршылыгын укпай, келечегимди суйгонумо тапшырып турмушка чыгып кеттим. Бары тегиз жипке тизген шурудай эле бараткан. Балдарыбыз бар, шүгүрчүлүк менен жашап жүргөн кезде, кудайымдай ишенип жүргөн жолдошумдун биринчи жолку изменасы менин эң алгачкы ишенимимди солгундатты, андан кийинкиси экинчи жолку ишенимдин жибин ичкерткенсиди, сүйсөң кечирбешке айла барбы. Айланамдагы чоң эжелер өзүнөн жаш балдар м-н ойнош болгондорун, туш келген менен кумар үчүн жатып - жатып басып кете бергендерин көрүп, таңыркап бүтчү эмесмин, турмуштан сырт, иллюзиянын ичинде калып кеткен экем. го.))
Бул измена бир тең да, кайыненемдин характери бир тең болду.Кайыненем менен такыр тил табыша албай койдум, жакшы эле сыйлайын дейм, теңирден тескери сүйлөп, каарып- кууруп киргенде эле шаабайым сууп, ушунчалык жаман адаммынбы деп, колума иш барбай отуруп калам. Мен ушул үйдүн учугун улайм, тукумун көбөйтөм, кайынене, кайынатамдын ак батасын алам деп келбедим беле, кана ошол максаттар, кыялдар? Ушул адамга турмушка чыксам эле жомоктогудай бактылуулукта жашайм деген кыялдарым кана? Ушул үйдү ордолуу шаарга айлантам дегем, бири да жок. Баары келип, кайынене- келин проблемасы. Оо, кудай кайыненемдей кайынене болбоюн, акыл эс менен карылык бере көр деп сурачы болдум кудайдан. Анткени, керилген уулдарым турат. Кайыненемин оюу боюнча, мен түлкүмүн жойпуланып турам, мышыкмын, уурумун, кайыненемин буюмдарын уурдап алам( баарын бекитип, кулпулап турат, жада калса идиш-аягын да карматпайт, бир үйдө жашасак да). Андан да бүбү- бакшыдан башым чыкпайт, булардын баарын окутуп-чокутуп турам.Ушунчалык жаман адам экенимди кайыненем айтпаса билбей жүрө бермек экем.)) Эгер ушул үй бүлөөнү кайыненем айткандай окутуп, чокутуп алган болсом, үстүмдө кудай турат. Бүбү- бакшыга көз каранды болуудан өзүң сакта, Астафиралла! Жолдошуң түшүнүктүү болсо, кайыненең тозокко таштаса да чыдайсың... . Бирок, акыркы учурда жолдошумдун майдачыл болуп, атаандашып жашаганы, менин күйөөгө тийип, жубай болуп жашап атканымдан шек жарата баштады. Бирөө менен таптакыр жөнү жок конфликтке барбаган, оор басырыктуу мүнөзүм азыр жети баштуу ажыдаарга айланып калган сыяктуумун. Бирөөгө таптакыр жаман ойлобогон жаным, азыр эч кимге ишенбейм, өзүмдөн башкага. Бирөө проблемасын айтып атабы, жүрөгүм оңойчулук менен жибибейт. Анткени ишенбейм. Адамдарга деген ишенимди жакындарым жок кылды.Андан да,мурунку жароокер, боорукер сүйүктүүм, жолдошум азыр жок. Мени аяп турган, аял катары жылуу мамиле кылган асыл жарымды сагынам, ал жок. Жок эмес бар, жанымда кудайга шүгүр аман, бирок, биз эки башка жээктебиз. А өзүмчү, өзүмдү да таппай келем, бирөөгө жаман санабаган баёо мүнөз өзүмдү издеп келем. Турмуш биздин биздигибизди жоготту. Турмуш эмес, өзүбүз адамдык сапатыбызды жоготтук. Жылуу мамилебизди аяйбыз, куду бирөөдөн сатып келип берип аткандай. Баштагыдай сүйгүм келет, сүйүлгүм келет. Жашоонун кунары качкандай. Ушундай күндөрдүн биринде эски тааныштан кат келди. Жылуу учурашып, ал- акыбал сурады. Менда жазып койдум. Ал жазышуу күндө кайталанчу болду. А түгүл жылуу сөзгө суусап жүргөн жаным, баара- бара күтчү болдум. Сүйүп бараткандаймын, сүйүү деп кандай кайдыгер, таш боор адамга айландым эле, 18 жаштагы кыздан бетер кайра сүйүп калганым эмнеси кудай?! Биздин жазышуулардын аягы жолугушууга жеткирди, жолуктук чай ичтик жөн гана баарлаштык эски тааныш катары. Экинчи аял кылып алам, ажырашсаң дегенге чейин жетти. Балким башка бирөө болсо төшөккө тартат беле, жок андай кылбады. Тек гана, бактысыз болсоң бактылуу кылайын деп колумду сурады.Эски тааныш дегенде кандай, коллегия дейинчи.( Ойлобогула, жолуктуң жаттың, турдуң, шуркуясың деп, андай нерсе болбоду) Жок, ажыраша албайм, балдарымды атасыз калтыра албайм, тирүү жетим кылгым келбейт. Эртең эле эрезеге жетишет, сен биздин бактылуу балалыгыбызды өзүңдүн кызыкчылыгыңа алмаштыңбы, кана сенде энелик сүйүү, энелик мээрим десе кантем? Оо, кудай башканы сүйүп калганымды өзүң кечир, өзүм баш тарткан менен жүрөгүм баш тарта албай келет.
Өзүмдү күнөөлүү сезем. Сырттан үй бүлө аты болгон менен, жолдошум экөөбүздүн сезимдерибиз жоголгон, бирок үй бүлөлүк очок ыйык, аны уратканга акым жок, сакташым керек. Мен сүйүүмдү курмандыкка чалам, анткени күнөө экенин, тозокко түшөөрүмдү да жакшы түшүнөм . А бирок бул киши менен баарлашканда өзүмдү аз гана болсо да бактылуу, назик аял катары сезем. Мен ошо л назиктикти балдарым үчүн курман кылышым керек, үй бүлө коломтосун уратпашым керек. Урматтуулар, үй бүлө болуп жашап аткандар, бири- бириңден жылуу сөз аябагыла, бул жашоодогу эң чоң баалуулук бул үй бүлөлүк бакыт деп, билем. Ошол бакытты сактагыла. Өзүң бактысыз болсоң да, балдарың өгөйдүн көзүн карап, бактысыз болууга акысы жок. Энелик сүйүү, ашыктык сүйүүдөн өйдө туруш керек... . Анткени мен перзенттеримдин жанында жети баштуу желмогуз эмесмин, мерээз эмесмин, кайыненем айткандай түлкү эмесмин, мен жөн гана балдарым үчүн энемин...
Акылдуу окурмандарым мага кеңеш керек эмес, бул жөн гана крик душа, же ой толгоо деп кабыл алгыла. Аноним
Сиз аноним центрге жазыныз.0509173101 ватсап,жакшы психолог жана угарман
ОтветитьУдалить