Саламатсыздарбы айымдар! Турмушка чыкканыма 2жыл болду 1уулум бар Аллахыма шугур.
Куйоом экообуз 5жыл суйлошуп,суйушуп турмуш курганбыз.Куйоом уй-було багам деп Россия жергесинде Мигрант.Баягы эле кайнэне келин маселеси. Эми уйдо тынч жашаган кун жок. Мен эч ойлоп оюмдун тубуно жетпей койдум. Неге келинди кулдай кабыл алышат???Ал деле бироонун кун-тун дебей кыйналып, алпештеп чонойтуп эрезеге жеткирип “Нанын бутун болсун”деп окутуп чонойткон эрке кызы. Неге карганыып, кыйкырып,согунуп эми адам айткыс,адам укса уяла турган создор менен согунуп, оз балдарын кадимкидей Олуп кал Ж….п арамдан туулган иттин баласы сууга агып ол, эми омурумдо укпаган каргыш создорду угуп денем титиреп кетет оз баласын адам ошончолук дагы каргайбы же “Кызым сага айтам келиним сен ук”дегениби?Бизди апам 5бир тууганбыз бир жолу каргап Олугуно отурайын деп да айткан эмес экен созду секин кыйкырынбай,бакырынбайтушундуруп жеткирип койот ошонтип чонойгонгобу эч ал уйдун мыйзамдарына тушуно албай койдум. Кундор отуп ал кагып-силкинген создорго, баарына чыдайм “Бактылуу болушум керек”уйго барсам эле ким мени иий ажырашып келипсин жакшы кылдын деп кубанып тозуп алат эле Ата-апамды ойлоп,байке эжелеримди ойлоп отуп кетет Бул кундор деп озумду алааксытып журдум бирок баары топтолуп бир кун жарылды эми Козо мин кундо эмес Бир кундо сынат дегендей баары айтылды ичиндеги ит айтпас создорун баарын айтты мен дагы ушул кунго чейин бир соз айтпай бир соз айтсам 10соз угам деп унчукпайт элем айттым бирок баарын эмес. Себеби менде дагы балам бар эртен мен дагы кайнэне болом Аллахтан Сабыр сурап жон эле ажыраштырып мен жакпасам озунор жактырганга уйлоп жашап коргуло менин чыдамым тугонду дедим ачуу устундо бакырышып, кыйкырышып кетип калдым баламды алып. Жаштык кылып баламды атасыз чонойткум келбейт эч ким Атасындай мээрим бербейт бирок ал уйго барып жашагым да келбейт. Ошол кундон бээри ойлонуп нерв болуп ооруп же баланы карай албай же жумуш кыла албай жатам турам эч ким суйлошкум да келбейт.


Отправить комментарий