Мага мотивация керек. Жашым 30 да 120кг болуп семирип кеттим кантип арыкташты билбей жатам.
Арыктайм деп кундо айтам диатага отурам дейм кайра эле жеп алам. Акыркы убак туну да туруп жегенди привычка кылып алдым. Анда да эртенден баштап вообще эч нерсе жебейм деп акыркы жолу жеп жатам деп ото коп жеп алам. Озум турмуштамын Бир кызым бар. Дагы торошум керек. Арыктабасан боюмда болбосо керек деп ойлойм бирок ошол нерсе да мени токтотпой жатат. Жанагындай группаларга да катышып кордум. Бирок эки уч Кун тутам дагы Эле жеп алам. Эмне кылсам болот. Куйоом жакшы арыкташын керек деп урушпайт балким ошол учун да жеп алып жатсам керек да. Эмне кылсам болот. Ушундай чон вестен арыктагандар барбы? Мага мотивация керек болтат. Башкалар 70кг болуп семирип кеттим дешет а мен болсо 70кгны мечтать этем. Семиргенимден кийим деле албайм бойонбойм самооценока -200 десем деле болот. Баш катып калды😭


Отправить комментарий