Саламатсыздарбы атым аноноим болсун.
Өзүмдү тааныштыра кетейин. Мен өзүм 24 жаштамын 2 уулум бар куудайыма шүгүр. Ушул жылы аллахым менин башыма оор бир сыноону салды жакшы көргөн жандан сүйүп тийген жолдошуман айрылып 2 балам менен жесир болуп калдым. Күндөрүм аны эстеп ыйлап кыйналыш менен өтүп жатат бир туруп балдарымды карап шүгүр айтам бир туруп жолдошуман айрылганыма капаланам. Азыр кайнене кайнатамдын колундамын өз үйүмө кетким келип зорго жүрөм кыйналдым. Жолдошумду өтө каттуу сүйчүмүн экөөбүз сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Жашоо биз ойлобогондой сыноолорду башыбызга салат экен. Андан башкасына турмушка чыгуунуда каалабайм. Кайнене кайнатам жакшы эле адамдар турмушта кайнене келиндин ортосунда болуп турган нерселер биздеда болуп турат. Күйөөм өлүм алдында аялым кетпесин 2 балам менен калсын ж.б сөздөрдү айтып жан бериптир ооруканда. Мен ал сөздөрдү угуп адып өтө жаман ахыбалда болдум. Бирок мен кетким келип жатат күйөөң жок кайненин үйүнө да батышын кыйын экен. Силерден бир чооң кенеш сурайын дегем сураныч кенешиниздерди бериниздер. Мен эми кандай жол тандашымыда билбейм 2 уулумду алып ата-энемдин үйүнө кетип калгым келип жатат. Эмне кылсам жолдошумдун айткан сөзүн аткарып өмүр бою калсамбы же өз атамдын үйүнө барып иштеп үй жай кылсамбы. Күндө кыйналам кетким келет үйдүн ар бир бурчу жолдошумду эстетет боюмда да бар 3чусу жакында төрөймүн.Үйдө кайнагам кайним кайната кайнене кайнисинди менен турамын күндө аларга кызмат кылам. Шарият боюнча күйөөсү жок да кайненин үйүндө жашаша болобу же кетип калганым оңбу сураныч алтындай болгон акылдуу создорунордуу айтыла. Бир туруп сабр кыл убакыт баарын көргөзөт дейм бирок күндө өзүмдү өзүм жееш менен өтөт Күндө ойлоном. Уктап жатыпта турсамда ойлоно берем ата-энеме айтсам кичине чыдап кой жылдыгы өтүп алсын дешет аа мен ага чыдабай жатам өзүмдү өзүм жеп жатам.


Куйоонун акыркы керезин аткаруу керек
ОтветитьУдалить