Озумду койорго жай тапбай турам.
Оозума келген соз кечирчи мен билген эмесмин😞 ушул жака жазууну туура кордум башка бир жанга да айталбайм. Мен сени жан биргем деп эркелегем . Ал кезде мен жаш болгом бирок сен менден чон акылдуу болчусун. Суйуубуз учун курошподун мага басып келбедин. Мени издебедин. Келсен жолукпай коймок эмесмин да. Сени кутком сыр билгизбей ичимден. Азыр мага сыймык сенин биринчи жана акыркы махабатын болуп журогундон оорун алып калганым. Бир бирибизди жактырдык бир жастыкта чогу кучакташып уктадык 21 кунду чогу сенин уйбулон Жана уйундо откордум. Сен озгочо болчусун. Эмнеге мени коргой албадын? Уйуно оз буту менен басып келген кызды нике кыйдырып кучко салып алып калбайт Белен? Мага десе зордоп койбойт белен? Мен ошондо мен баш ийип отуруп сенин жубайын болуп калмакмын. Сен экообуздун тагдырыбызды чечууну ата энене коюп бердин. Озун чечпедин. Артыман издеп келбедин. Колуна конгон бакыт кушун озун учуруп жибердин. Суйуубузго эркиндик бербединОз сезимдеринди башкара албадын. Сени суйуп сага жубай болгусу келген секелек кызды коргой албан колундан койо бердин. Ортодо ата энелерибиз пикир келишпей чон жек коруу уруш чыкты. Мына ушунун баарына точка коюп суйуубуз учун курошконундо балким, баары башкача болмок. Нике кайып тагдыр эмес экен деп эле ун катпай кала бердик. Ичибиздеги сагынуу энсоо сезимдерин жерге комуп билмексен омур сурдук. Кимге калп кимге чын мага кызык эмес. Никебиз жок болсо дагы сенин биринчи турмушум болуп саналасын. Эстесем ал кезде жаштык кылдык жанылдык каталар кетирдик. Бирок кантседа бир бирибизди жакшы корчубуз да🥲🥲мамиле токтоду сенин да менин да уйбулобуз каршы болуп бизди болуп салышты. Сезимдер очподу. Ортодогу байланыш узулду. Ичке катып сыр бербей жутунуп эки башка жакта омур суро бердик. Арадан 2,5 жыл отуп мен турмушка чыктым азыр балам бар. А сенин уйбулон жок. Менден кийин кыз менен да жакын болбопсун. Мага деген махабатын ушунча кучтуу экен эмнеге намысты нары суруп мен тарапка келбедин.
Сага ун катпай мен сени кутком журогумдун бир тупкурундо жашап журдун. Сен мени соц сайттардан коруп билип журчусун. А мен сени сайттардан карачу эмесмин. Мени интернеттен коруп турсанда бир ооз мага жакшы кором бир болойлу десен. Эмне жок дейт белем. Сен намыска алдырып ун катпадын. Турмушка чыгып мен сени эстебей койбодуи. Эстейм бирок сени коро албайт Элем интернеттен да издеген эмесмин. 😔😒бирок негедир бугун сени эстегим келди. Артты карасам Сен артымда калып кетипсин ☹️😣тоюмдун эртеси эле бул дуйно менен коштошуп кетипсин🥲мен билген эмесмин кайдан угам эчким менен суйлошпосом же мага бироо сен жонундо айтып турбаса 🥲🥲ушунчалык суйот белен? Ошондо мен учун бул дуйнодон кеттинби??? Мен куноолуу болдумбу? Же сенин ата эненби??? Тушунуксуз тунгуюкка комулдум... Кечир мени мен да сени кечирдим. 🥲🥲🥲жан биргем неге мени таштап кеттин. Бул кырсык деп жатышат. Мен сени кеч уктум. Ичим ачышып тызылдап булугуп ыйлап отуруп калдым. Баламды да колго алалбай озумду жоготтум.


Отправить комментарий