алакачуу

Жалгыз бала деп тийип алып кор болбой. Сүйүү көр кылып коёт....



 Саламатсызбы, менин да ичимде толтура айтылбай жүргөн сырларым, 

Ким менен бөлүшкөндү билбей сизге жазып жатам. Балким турмушка чыга элек шашып жаткан жаш кыздар окуп бирааз болсо да сабак болуп калат беле деген ой. Урматтуу сулуу айымдар, кыздар, сиңдилер, силерге айтаарым турмушка шашпай ата тегин, эне атасын, кандай үй-бүлөрдө чоңойгон эркек, баарын сураштырып анан тийгиле. Мага окшоп жалгыз бала деп тийип алып кор болбой. Сүйүү көр кылып коёт дейбиз, бирок ошол сүйүү убактылуу экен. Болгону 1-2жыл андан кийин бала, уруш талаш болуп ортодо сүйүү да жоголот. Жолдошумду ушунчалык катуу сүйүп, ата-энем алыс, жалгыз бала экен, ата тарбиясын көрбөгөн болсо, энеси башка турмушта болсо жашооң оор болот кызым кой алып кетели десе унабай калып калган мен жиндимин. Атам ошол мезгилде айткан эле кызым менин айтканымды кылбадын, өлсөң өлүгүн чыксын эшигиме ыйлап келбегин деген. Арадан 7жыл өттү, ыйласам да сыгылсамда ич ичиме жутуп өзүмдү өзүм кармап жашап жатам. Турмуш башталгандан баштап уруш жаңжал менин сөзүм чын болуп жатса да жалган болуп кала берет. Жолдошум кез кезде эле мен тарап болуп койбосо а так только энеси эжелери тарап, мен жалгыз кала берем. Азыр эми ич ичиме батпай жатам, өзүмө өзүм оору ашырдым. Бираз ыйлап ойлонсом калтырап жатып калам, ата-энеме кантип айтсам башым катып турат. Мен кыйналып кеттим, өзүмдү керексиз буюм катары көрүп калдым.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?